Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 142

ЖККУнун алкагында биргеликте аракет кылууга туура келет. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. 

"ЖККУнун алкагында биргеликте аракет кылууга сөзсүз туура келет. Афганистан Борбор Азиядагы бардык өлкөлөргө сырткы коркунуч болот. Ошондуктан, Тажикстан чек арасын коргоого жардам сураса, Кыргызстан ЖККУга аскерлерин жиберүүгө даяр, анткени бул көйгөй бизге да тийиштүү", - деди ал. 

Белгилей кетсек, УКМК төрагасына журналисттердин бири Тажикстандын Афганистан боюнча кырдаалы оорлошсо Кыргызстан аскерин жибериши мүмкүнбү деген суроо узаткан.