Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 363

 Азыркы бийликтегилер ички саясаттын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири катары - коррупцияга каршы күрөштү жарыялашкан. Ооба, коррупция - мамлекеттин, элдин денесиндеги мите. Аны жоготпосо, элди да, мамлекетти да ичтен жеп бүтөт. Бирок, УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат жоюлгандан кийин эл деңдароо болуп калды. Эми анын милдетин кайсыл орган аткарат? Же азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөш дегени утурумдук кампаниялардын эле бири беле?

 АКСтын функциясы Башкы прокуратурага берилгени айтылды, бирок ал  мыйзамдуулуктун сакталышын гана көзөмөлдөөчү орган болсо, ал коррупцияга каршы кантип күрөшөт болду экен?  Чындыгында АКСка караганда Башкы прокуратура  ишкерлер үчүн опурталдуу орган, ал текшерип эле тим болбостон, ошол замат камап да коёт. АКСтин функциясын Башкы прокуратурага берүү менен артык кылабыз деп тыртык кылып алганыбыз жокпу? Же Кыргызстан коррупционерлерден толук тазаланып, АКС үчүн кылганга иш калбай калдыбы? Минтип аңкоолор гана ойлошу мүмкүн. Коррупция 12 баштуу ажыдаардай, он экисинин баарын жулуп алса деле, анын ордуна жаңылары өсүп чыга берет. А түгүл 12нин ордуна 22си чыгышы мүмкүн, чыгып жатат. Киттер гана кармалган менен билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу коррупция гүлдөп жаткан тармактарга АКСтин колу жете элек да болчу. Эми ал жактарды былык-чылыктардан ким арылтат? Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурабы? Тилекке каршы, алар буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көзгө көрүнөрлүк, сезилерлик иштерди аткарышкан эмес. Же АКСке салыштырганда Башкы прокуратурада жалаң таза адамдар иштейби? Анткенге да негиз жок.

АКСтин кээде аша чаап, ишкерлерге тынчтык бербей койгону айтылды, жазылды. Анын жоюлганына ишкерлер, чоң соодагерлер, айрым мамлекеттик чоң чиновниктер аябай кубанышууда. АКСтин ишинде кемчиликтер, негизсиз текшерүүлөр болгондур, аны так айта албайбыз. Бирок, бирок... “чылпагын алабыз деп жатып көздү чукуп албадыкпы”? Эгерде АКСТи биротоло жоюп салбастан аны УКМКнын курамынан чыгарып, министрлер кабинетине же президентке түз баш ийе турган органга айландырса болбойт беле? Бул тууралуу  Өмүрбек Текебаев жакшы сунуш айтты эле, аны эч ким тыңшаган жок. Азырынча бул коррупция боюнча кармалгандардын жана жакында кармала тургандардын президентке жамандап жатып, акыры реванш алышкандай гана көрүнүүдө.

Айрымдар “коррупцияга күрөшүү УКМКнын ыйгарымына кирбейт, ал мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан аналитикалык, алдын алуучулук иштер менен алектениши керек”- дешүүдө. Коррупция мамлекеттин митеси, анын алын кетирип, аброюн тебелеп, элди жакырлантып жаткан монстр болсо, ал кантип улуттук коопсуздук маселесине  кирбесин. Жогорудагыдай сөздөрдү мамлекеттик түзүлүштү жакшы түшүнбөгөндөр же түшүнгүсү келбей, мамлекеттин тагдырына кайдыгер карагандар  гана айтышы мүмкүн. Мамлекет үчүн эң чоң коркунуч, бул - коррупция. Ал эми аналитика-паналитика дегендердин элге ысыгы да, суугу да жок. Ал ведомствонун өзү үчүн гана керек  нерселер.

АКСтин жоюлуусуна байланыштуу айрымдар “эки достун ортосунан жарака кетти, Жапаров Ташиевдин таасирин төмөндөтүү үчүн АКСти жойду” деген божомолдорду да айтып жатышат. Ал канчалык деңгээлде  чындыкка ылайык келери жөнүндө  айта албайбыз. Чындыгында амбициялуу эки адам чоң кызматта катар турганда айрым маселелер боюнча өз ара пикир келишпестиктер болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ата менен баланын ортосунда деле кээде пикир келишпестиктер болуп турат. Бирок, Ташиев менен Жапаров Атамбаев менен Жээнбековдой кокустан кошулган жарма достордон эмес. Экөө чогуу көрбөгөндү көрүштү, темир тордун артында да отурушту. Анан экөө бир муштумдай бириккендин арты менен күтүлбөгөн жерден чоң кызматтарга келишти. Элестүү айтканда, экөө кан достордон. Кан менен ширелгендин ажырашуусу эң эле кыйын. Бул биринчиси. Экинчиси, АКС жоюлса деле УКМКнын ролу, таасири төмөндөбөйт. Анткени, ал чоң коррупциялык иштерге каршы АКСи жок деле күрөшө алат. Андан тымызындан байкап, көзөмөлдөп, чара көрүү функцияларын эч ким ала албайт. Алса анда УКМК  жоюлганга барабар болуп калат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити