Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев бир убактарда Сүйүнбек Касмамбетов менен чогуу Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Ал тууралуу пикирин мындайча билдирди:
"Сүйүнбек Касмамбетовду Жогорку Кеңештин аппаратынын биринчи жетекчиси Ашырбек Темирбаевдин эң мыкты шакирти деп айтсак болот. Ошондуктан, мен Касмамбетов өз ордунда отурат деп айта алам. Мыкты аткаруучу, кылдаттыкка басым жасаган өз ишинин адиси. Ал өз кызматтык милдетин жогорку деңгээлде аткарып жатат деп ишенем. Эгер аткара албаса Жапаров эчак кызматтан алмак. Президент өз ишин туура жүргүзө албагандарды бапестеп отурбайт, дароо кызматтан алат".
Касмамбетов жөнүндө оң пикирлер бир гана ушул эмес. Коомчулук бул адисти оң кабыл алаары белгилүү. "Кадрлар баарын чечет" деп коюшат. Бул айрыкча, президенттин Аппаратына тийиштүү. Кыргызстан үчүн бул планда өзгөчө ролду мамлекет башчынын аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов аткарды.
Бул кызматка анын оор учурда келгенин белгилешибиз керек. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы окуялар учурунда кризис-менеджер болуп иштеп, коомчулукта абройго ээ болгон.
Кыязы, жаңы лидерлер да андагы ушул сапаттарды эске алышты. Касмамбетовдун профессионалдуулугун анын аз убакта аппараттын ишин жогорку деңгээлде уюштуруп койгонун айтуу менен бааласак болот. Президенттик аппараттын негизги милдетин түшүнүү, президенттин өлкөнү өнүктүрүү боюнча аракетинин алкагында аппараттын ишин туура нукка салуу - бул өтө жоопкерчиликтүү жана маанилүү тапшырма.
Аймактардын акимдерин ротациялоо боюнча маанилүү чечим да Касмамбетовдун эмгеги. Бул чечим коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынды. Партиялар, саясий күчтөр жана мурдагы жетекчилер да колдошту. Мурда жумасына бир, же айына бир жолу болуучу планеркалар азыр күн сайын болуп жатат. Мында да Касмамбетовдун эмгеги чоң.
Жалпысынан алганда, Сүйүнбек Касмамбетов тажрыйбаруу аппаратчы. Азыркы кызмат милдетине киришкенге чейин ал 2020-жылдын октябрынан тартып президенттин аппаратынын жетекчиси болуп иштеген. Бирок саясатка эч убакта аралашкан эмес, ал бир гана администрациянын ишин жөнгө салып келди. Бул анын чоң өзгөчөлүгү", - деди Бакыт Бакетаев.