Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 94

Кай жагынан албайлы, президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий иш сапары менен барганы туура эмес. Менимче, барбайт эле. Россияга болгон иш сапарында Путин бул маселени көтөрүп, биздин ажого айтса, эки күн мурда Кремлден Д. Козак Путиндин тапшырмасы менен келип, кыргыз президентин Рахмондун чакыруусун кабыл алып, Душанбеге расмий иш сапар менен барып келүүгө көндүргөн окшойт.

Эртеби, кечпи эки өлкөнүн президенттери жолугушуп, ортодогу чыңалган абалды жумшартып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошуналык, достук кайрадан жанданышы керек болчу. Бирок Тажикстанда эмес, Бишкекте же нейтралдуу өлкөдө.

Эми миң айтып, каршы болсок да президент С. Жапаров барып келет. Башкысы, жолугушууда президентибиз карт бөрү Э. Рахмондун алдында жаштыкка, тажрыйбасыздыкка алдырбастан, бекем позицияда болуп, улуттун, өлкөнүн кызыкчылыгында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечимдерге барса экен…

Мирлан Дүйшөнбаев