Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 488

- Учурунда айта кетпесем болбойт, Чоң-Алайдагы Унжу-Булакка "тежиктер" түнү уурданып кирип провокация жасаганда, таң атып-атпай УКМК жетекчиси К.К.Ташиев чукул реакция кылып, оперативдүү түрдө тик учак менен жерине учуп барганы  Чоң-Алайда ашыкча дүрбөлөңгө жол бербей, кырдаалды андан нары чыңалтпоого өз таасирин тийгизди. Өзү келгени аз келгенсип, экинчи тик учак менен "Альфа" атайын күчтөрү менен келет экен дегендин өзү эле чоңалайлыктарга, же бяктан карап турган кишиге дагы дем берди. Эми экинчи тик учак жетпей калганы башка сөз, өзүнчө арман, баары аман калганына сүйүнөлү. Бирок К.Ташиев учуп келээри менен оболу Карамык постунда чогулуп, жолугууга зар болуп, кырдаал кай жакка бурулаарына кабатыр болуп турган эл менен жолугуп, арыз-муңун, сунуш-пикирлерин угуп, заматта тажик тарап менен сүйлөшүүгө чыгып кетти. Сүйлөшүү кыйын болуп жатты, беркилер биринчи контактка да барбай, анан тежиктенип да жатышты, ташып келген контейнерин албайбыз деп кежирленди. К.Ташиев: "Эскертүүгө муюбасаңар, андай болсо өзүбүз эле аныңарды жок кылабыз, түртүп сайга түшүрүп таштайбыз", - дегенге чейин барды. Мына позиция! Бул ирет эки тарап позицияларын айтып, бүтүмгө келе албады. Ушул учурдагы кыл үстүндөгү кырдаалга жараша жакын жайгашкан айылдардын элин коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Менин оюмча, туура, колдой турган кадам болду. Буга чейинки Баткендеги чатактарда көрүп-билип деле калбадыкпы, "тежиктердин" ниеттерин, жаман адаттарын, чыдабастыкка салып, нерви жукарып, биринчи аткылай баштаарын. Ошондуктан,  "сактыкта кордук жок" деп  эл убактылуу көчүрүлдү. Бул дагы мурдакы чатактардан алган сабак, туура жыйынтык, тажрыйба деп билсек болот.

Кудайга шүгүр, экинчи ирет сүйлөшүү өтүп, бул жолу "тежик" тарап өздөрү демилгелеп чакырып, аягы тынчтыкты сактаган, аманчылыкты алып келген протокол түзүү менен бүттү. Жергиликтүү эл, кичи мекен менен тынбай түз байланышта болуп турган башка жактагы чоңалайлыктар да билип, көрүп турду, сүйлөшүүлөр эки раунд, эки жолу болгону менен абдан кыйын, акыр-аягы эмне менен бүтөрү белгисиз, абада да чыңалуу сезилип турду.

Кыскасы сөзүмү узартпайын, бул жолку "тежиктер" менен чек арада Чоң-Алай багытында болгон чыңалууну басууда К.Ташиевдин зор эмгегин, кырдаалга жараша жасаган шыр да, шар да кадамдарын, реакциясын баалайлы.

Айрыкча кошо кетчүсү, К.Ташиев Чоң-Алай элинин "Чек ара аймагы өзгөчө макамын" берүү боюнча суранычын Бишкекке бараарым менен караштырам дегенине эл ыраазы болуп, жакшы кабар күтөт.