Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 104

- Ахунбай агай, "Кумтөр кенине илешкендин баары камала баштады. Эми Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн талкалоого уруксат бергендер да жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- Коррупциялык схемаларды ишке ашырып, элдин кызыкчылыгын эстен чыгарып, жең ичинен соодалашып жүргөндөр сыяктуу эле  экологиялык катастрофага кол кабыш кылгандар да кылмыш жообуна тартылышы керек. Жазадан куру калбашы керек. 

- “Кумтөр” кениндеги алешемдиктерге эч ким каршы чыга албайт, келген бийликтин баары  адвокат болуп алат дечүбүз. Эми коррупциялык схемаларга тиешеси барлар камала баштаса, камалгандардын боштондугун талап кыла башташты го?

- Негизи саясий тарапташтар мыйзамды түшүнбөйт... Алар жеке тууганчылык жана караңгылыктын айынан лидеринен башканын ишин түшүнө алышпайт. Ошон үчүн митингге чыгып, элдик уул деп, бошотулушун талап кылып жатышат.

- Баса, Бабанов менен Абылгазиевдин камалышы “Кумтөрдөгү” коррупцияны ачыкта алабы?

- Ооба, экөөнүн камалышы “Кумтөрдөгү” коррупцияны ачыктай алат. Анткени, Кыргыз элине кедергиси тийе турган  келишимдерди билип турушса да, жашырып келишкен. Демек, өз үлүштөрүн алып келишкен десек болчудай...!

- Бирок. камоолорго каршы турган топ күчөп кетип, кесепети бийликке тийбейби?

- Жок күчөп кетпейт. Кыргыздар айтат го «Чапкан сайын эле көз чыга бербейт»- деп. Азыр кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен митингге чыгып жатышканы менен эл өз чындыгын таап алды. Буюрса. Мындан ары тиешеси бардын баары кусуп, “Кумтөрдөгү” ачуу чындыктар ачыкка чыгат деген үмүтүм зор.