Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 171

- Сингапур -дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн  катарындагы ал чакан өлкөнүн адамдарынын керемет жашоосу тууралуу тамшанып кеп кылабыз. Бир кезде коррупцияга алкымына чейин баткан, эң кедей мамлекеттердин тизмесиндеги мамлекетти Ли Куан Ю аттуу адам баткактан сууруп чыгып бүгүнкүдөй бай мамлекетке айландырганын саймедирейбиз. Ли Куан Ю жомоктогу сыйкырчы болбогонун,  мамлекеттеги коррупцияны жеңиш  үчүн катуу диктатура орунотуп, керек болсо нечендерди аттырып да жибергенин учкай сөз кылабыз. Ли Куан Юнун "Мамлекеттик бийликтеги коррупцияны жеңем десең анда эң жакын адамдарыңды да камаганга даяр бол"- деген  жакшы көргөн сөзү экенин да билебиз. Анан Кыргыз  мамлекетин коррупциядан тазалай алуучу Ли Куан Ю  чыгаар бекен деп үшкүрөбүз да "А-ай чыкпайт го. Чыкса эл төбөсүнө көтөрүп колдойт эле"- дейбиз.  "Коррупционерлерге, элдин канын соргондорго аёо болбосун. Керек болсо аларды түз эле аттырыш керек. Ошол коррупционерлердин азабынан миңдеген балдар,  кыздарыбыз чет өлкөлөрдө тентип мигрант болуп жүрүшөт. Миңдеген тагдырлар сынып жатат." деген ого эле көп сөз айтабыз.Ушул тилектерди айтып жатканда  Кыргыздар кандагы Кыргыз мүнөзүбүздү унутуп коебуз. "Өзүбүздүн башка иш түшсө. жакын тууганым коррупция менен камалса эмне болом?"- дегенди ойлобойбуз. Менин тууганымдан, жакынымдан башка коррупционерлер кармалып жазалана берсе болот бирок менин тууганым мага кылдай жардамы тийбесе да, тескерисинче эл катары эле анын зыянын кзрүп жатсам да тууганым тууралуу жаман сөз болбосо"- дейбиз. Мына Кыргызды артка тарткан оорусу так ушул жеринде. "Уй боорлугунда" "Коррупционер ууруну жазала" деп чын дилден айтканыбыз менен жакының камалганда жүрөгүң ооруйт. Кантели Кыргызбыз да. Болбосо Кыргызстанда Кумтөр "Кумтөр" болуп ачылганы талап тоноп жеп келаткандарды баарыбыз тең эле билебиз. Кана ким айта алат? "Кумтөрдү талап тоноп жеп келаткандар тууралуу уккан эмесмин. Аларды өңүнөн билбейм",- деп.  Кечээ  эле апкыты кыйшык ботинке кийип жүргөндөр бүгүн эң кымбат жол тандабас минип калганын, ага кантип жеткенин билебиз. Анткени, кыргыздар оозу ачык элбиз. Эч кимге айтпа деп шыбыраган сөз Баткенден чыкса бир жумага жетпей Түптө сөз болуп аткан болот. Бүгүн "Кумтөр" коррупциясы боюнча лөктөр камалып жатат"- деп сөз кылуудабыз. "Лөктөрдүн" коррупцонерлер экенин баарыбыз эле билчү эмес белек.  Анан эмнеге камала баштаса: "Ал эл уулу болчу. Камабагыла деп чыгып жатабыз? Себеби кыргызбыз.  Алар "Эл уулу" эмес эле элди тоногон уурусу экенин да эң жакшы билебиз. Билип туруп эле кыйкырып ууруну колдоп чыгып жатабыз. Дүйнөдө бир кана Кыргыз ушинтип билип туруп эле ууруну "ууру эмес"- деп айта алат. Анткени ал Кыргыз.Кана кимиси чыгып ыйык Куран китебин кармап туруп айтат. "Чын дилимден ушул адамды  эл уулу деп айтып жатам. Ушул айтканыма ишенгем"- деп. Эч кимиси айта албаса керек.

Кагылайын Кыргызым,  чын эле жакшы турмушта жашагыбыз келеби? Келечек балдарыбыз кор болуп чет өлкөлөрдөн иш издеп тентибей өз өлкөсүндө, туулган жеринде жетиштүү турмушта жашаса дейбизби? Анда биринчи кезекте өзүбүздү өзүбүз жеңели? Жүрөгүбүздөгү Кыргыз оорусун жеңели. Ли Куан Ю га тамшанбайлы. Бүгүнкү жүрүп жаткан реформага тамшаналы. Ушундай чечкиндүү кадамдарды кимдир бирөөлөр Кыргызда жасай алат деп кудай акы мен түк ишенчүү эмесмин. Бир туруп түштөгүдөй, бир туруп жомоктогудай иштер Кыргызстанда жасалып жатат. "Кумтөрдүн" Кыргызстанга өткөнүнө бүгүн деле ишене бербей "Ойгонсом түшүм болуп калбаса экен"- деп жүрөм. Болбосо жанагы жөөт укукчу айткандай "Кумтөр" мафиясы Кыргыздын чоңдорун "манкурт" кылып чүлүктөп жетелеп алышпады беле. Кумтөр мамлекет ичиндеги кол тийгиз "Ватикан" эмес беле. Мезгили келди Кыргызым.Ойгонолу.Ойлонолу. Ар бир кыргызга мамлекет үчүн, эл үчүн таза иштеген адам тууганың экен. Жатындаш кандашың болсо да ууру болсо эл байлыгына арам санаган адам болсо душманың экен. Заман өзгөрүптүр. Тур, Кыргыз! Катардан калба! Ууруну эмес Улутум дегенди колдойлу!