- Каныбек агай, канча жылдан бери тоңгон муз ордунан жылып, “Кумтөр” кениндеги коррупция боюнча депутаттар, мурунку премьер-министрлер чекесинен камакка алына баштады. Мынча болду Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн да талкалоого уруксат берген депутаттар жана ошол кездеги бийликте тургандар да жоопкерчиликке тартылышы керекпи?
- “Кумтөр” кенинин чыры түгөнбөй тургандай болуп келбеди беле? Эки күндөн бери бир аз үмүттөр пайда болууда. Мурда дегеле “кылы кыйшайбай тургандар” дүңүнөн камала башташты. Бул өтө маанилүү. Эми тергөө органдары катуу туруусу зарыл. Азыркы күндө “Кумтөр афёрасы” элдин контролуна өтүп калды. “Бармак басты, көз кыстыга” жол берилбейт. Ал эми Сиз айткан эки мөңгүнүн талканашына келе турган болсок, бул маселе бир эле биздин Кыргызстан эмес бүткүл Орто Азия өлкөлөрүнө терс таасирин бере турган көйгөйгө айланып кетти. Демек, мөнгүлөрдү жок кылганга уруксат бергендер сөзсүз жоопко тартылуулары керек. Болгондо дагы ырайымсыз катуу жазалар болуусу зарыл. Фергана өрөөнүндөгү 20 миллионго жакын калктын ичер суусун бир эле канадалык шылуундар “уурттап" коюп жатпайбы. Ал кылмышка биздин көпчүлүк чиновниктер дагы илешип алышыптыр. Уят эле.
- Бирок, “Кумтөрдөгү” коррупцияга тиешеси барлар камала баштаганы камакка алынгандардын тарапташтары митингге чыгып, саясий куугунтук башталды деген коңгуроону кагып жатышат го? Чын эле Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров саясий куугунтукка кабылыштыбы?
- Аны тергөө иши көрсөтөт да. Абдан абройлуу адамдарга өтө эле катуу айыптар коюлуп жатат. Мурдатан терең ойлонулуп, анан жасалган кадамдар болуш керек. Эми тергөөчүнүн эки башы жок, да! Туурабы? Аларды саясий куугунтукка алуунун өзү коомдо чоң резонансты туудурат. Бийликке азыр анын кереги жок. Ошондуктан айыпталуучуларга каршы УКМК тарабынан катуу аргументтер бардай туюлуп жатат. Элибиз дагы өтө эле саясатташып кетти. Аталган инсандар таза болушса, соттон өздөрүн актап алышат. Баарыбыз эле ошентип жүзүбүздү агартып келбедикпи? Мисалы үчүн мен өзүм убагында “мага саясий куугунтук болуп жатат”,- деп эч качан айгай салган эмесмин!
- Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Өмүрбек Бабановдун жана Мухаммедкалый Абылгазиевдин камалышы боюнча эмне айта аласыз?
- “Кумтөрдөгү” коррупциянын ачылышына президент Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгү шарт түзүп жатат. Ал инсан мурдагы президенттерге окшоп эки жүздүү оюн салган жок! Ал эми жогорудагы саясатчылардын камалышы ошол саясий эрктин эле туундусу. Таза адам гана мындай жолго бара алат. Колдоп турушубуз керек. Менимче алдыда дагы көп текшерүүлөр болот!
Булак: “Майдан. kg” гезити