Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 111

- Ырысбек байке, Бабановдун, Абылгазиевдин камалышы “Кумтөрдөгү” коррупциянын ачылышына мүмкүнчүлүк түзөт деп үмүт артсак болобу?

- Бабановдун, Абылгазиевдин камалганы “Кумтөрдөгү” коррупциянын толук кандуу  ачылышына шарт түзбөйт. “Кумтөр” кени ачылгандан бери коррупциялык схемаларды түзгөндөрдү мыйзам негизинде жоопко тартпаса, камалгандар, чыгып, ордуларына башкалар камала берет. Карусель болуп калышы мүмкүн. Анткени, кыргыз саясатындагы каруселдерге көнгөнбүз.

Көп жылдар бою “кызыл папка”, “кызыл папка”,- деп какшап жүрүп, ал жашыруун болуп жүргөн папка ачыла баштаса, ким реакция кылды? Тагыраагы, биздин бийликтегилерге Кыргызстандагыларды эле камап эрмектегени эп.

Коррупциялык схемалардын түзгөн жана ага катышып,  шылуундуктарды ишке ашырган  Акаев, Нанаев, Танаев жөнүндө бир да бийлик башындагылар кыңк эткен жок. Биринчилерден, болуп Танаевдин күйөө-баласы Толстунов, жана анын бир тууганы бир жарым тонна алтынды жана “Кумтөрдөн” түшкөн 20 миллион долларды алып чыгып кетип, Австрияда кыргыздын алтынын Ош базарында картошкадай саткан Акаевдин кичүү кызынан түшүндүрмө кат алып коюшпайбы...

Эми алгачкы аферист, урууларды чет элдик инвестор деп даңазалап аларга миллиондорду жедирген мамлекетибизди эмне дешибиз керек? Мына азыр “Кыртелсат” деген Кыргызстанда Толстуновдордун Австрияда аты бар, заты жок көп фирмаларынын бири каттаган   Толстуновдордун “T&F Trade&Finance” аттуу,  аты бар заты жок компаниясына тиешеси бар компаниясы туралуу сөз болуп туру. Камалгандардын баары эле кыргыз шылуундары. Эми аны түшүнсө болот. Биз интернационалистбиз.

- Дагы кимдер камалгандардын катарын толукташы керек?

- Негизи мурунку Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов Атамбаевдин эркетайы болуп жүрүп, жүздөгөн миллиондорду жеп, облусту өркүндөтүүгө “Кумтөр” бөлгөн акчаны өзүнүн бизнесин жана депутаттыкка чейинки “мамочка” болуп жүргөн аялынын бригадаларын көбөйткөнгө жумшаган. Аларды биринчи ирет камаш керек эле. Бирок Асанакунов он жыйырма адам чогултуп эле митинг уюштура коюп жатпайбы.  Анын сөзү кээде сөз болуп калган соң, башкалар да  нааразы тараптар күч алып кетиши мүмкүн. Анан президентибиз бир позициясы жок, шылуун жана катуурак сындап койсо эле өзүнө жакындатып, аларды дардаңдатып коюп жатат. Ал, позициясы ойку-сойкуларды, нааразы тарапты информация менен кабыл кылат. Тагыраагы, каршыларын  күчтөнтөт. Эми, бир жылды Жапаровго берели деп уран көтөрүп жатышпайбы, “Төңкөрүш үчүн катуу жазалоо керек” деп эч ким айтпады го...

Булак: “Майдан. kg” гезити