- Айбек мырза, “Кумтөр” кениндеги коррупциялык чуулгандуу иштер боюнча Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берип, добуш берген депутаттар жана ошол кездеги бийликте тургандар да жоопкерчиликке тартылышы керекпи?
- “Кумтөр” - бул кылымдын афёрасы жана чыккынчылыгы. Бул улуттук намыстын тебелениши. Ошондуктан, чыккынчылыкка тиешеси бар баардык кызматкерлер өз жазасын алышы керек. Муну пенсионерлердин пенсиясын, майыптардын пособиесин жана элдин ырыскысын урдоо деп түшүнүшүбүз керек. Ошондо гана калган кызматкерлерге сабак болот. Тагыраагы, мамлекеттин кызыкчылыгын арзыбаган каражатка сатып, мамлекетке чыккынчылык кылып, кылмышка барабар иш кылса эртеби-кечпи мыйзам алдында жооп берерин түшүнүшү керек.
- Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров саясий куугунтукка кабылыштыбы?
- Коомчулукта ушундай күмөн саноо болбош үчүн бийликтин аргументтер жүйөлүү, тергөө мыйзамдуу жана сот ачык өтүшү керек. Ошондо эл өзү таразалап алат. Эл баарына тараза болот. тагыраагы, мындай резонанстуу иштер саясий куралга айланбашы керек. Анткени, бул жерде мамлекеттин келечеги турат.
- Мурунку премьер-министрлердин жана депутаттардын камакка алынганы жетиштүүбү же коррупциялык схеманын башында турган президенттер да жооп бериши керекпи?
- Депутаттар менен мурунку премьер-министрлерди эле эмес, президенттерди да суракка чакырыш керек. Ошондо толук картина пайда болуп, тергөөнүн жүрүшүндө баары белгилүү болот. Көп адамдар суралат, бири-бирине көрсөтмө берет. Ким тапшырма берген, ким аткарганынын баары ачыкка чыгат. Эң негизгиси, “Кумтөр” боюнча чоң иштер башталып, президенттин саясий эрки көргөзүлдү.
- Эми камалгандар бийликти алмаштырып, жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылбайбы?
- Бул эми кыргыз элинин акылмандуулугуна жараша болот. Камалгандар нааразычылыктарды уюштуруп, бийликтин тынчын алууга аракет кылышы мүмкүн. Алар акчаларын чачат, фейктерди жалдайт, жалданма активисттерге акча берип, коомдук пикир жаратканга аракет кылат. Бирок, кыргыз эли алардын арам аракетин колдобойт деп ойлойм. Кыргыз эли калыс эл. Жакшылыктан үмүт кылалы.
- Баса, “Кумтөрдөн” стипендия алып, алардын таламын талашып жүргөндөр да жоопко тартылышы керекпи?
- Албетте, “Кумтөрдөн” акча алып, алардын таламын талашып жүргөндөрдүн аты-жөнү жарыяланып, жоопкерчиликке тартылышы керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити