Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 348

"Менин ар бир эмгегим, ар бир күнүм элиме, мамлекетиме арналат", - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү тууралуу айтылып жаткан ушактарга жооп берип жатып. Ал учурда Жалал-Абадда иш сапары менен жүрөт.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов коррупцияга шектелип камакка алынганган кийин андан Ташиевдин акча сураганы тууралуу маалыматтар коомчулукка тараган. 

"Мага көп эле жалаа жабылып жатат. Анын арасында Исхак Пирматовдон акча сураптыр деген да бар. Кудайга шүгүр, Алла Тааланын, элимдин, мекенимдин алдында абийирим таза. Ар бир күнүм, ар бир кылган ишим мамлекетиме арналат", - деди Камчыбек Ташиев.