Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 224

Жогорку Кеңештин депутаттары “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, жактырышты. Мында адегенде эле: “Эмне үчүн Баткен облусу гана жөнүндө? Бизде Жалал-Абад, Ош облустарынын бир катар айыл-кыштактары да коңшулаш республикалар менен чектешет?”- деген суроолор туулат. Тилекке каршы, аларда да талаш участоктор бар, эртең кыдаал кай жагына өзгөрүп кетерин, алдын ала бир жаңсыл айтуу кыйын. Өзбекстан менен толук чек аралар такташтырылып, делимитация, демаркация боло элек. Кошуналардын калкы динамикалуу өсүп, күн өткөн сайын аларда жер, суу маселелери өзгөчө көйгөйгө айланып баратканда Түштүктөгү чек аралар комплекстүү каралып, чек ара маселеринен кыйналып жаткандардын абалдары бир өңүттө каралса жакшы болмок. Анткени, эл аралык эксперттердин пикирлери боюнча, жалпы эле Фергана аймагы эли өтө тез көбөйүп, дайыма жаңжал чыгуу коркунучундагы зона катары эсептелет. Ал эми Ферганага Баткен гана эмес, Ош, Жалал-Абад облустары да кирет.           

Ушул жылдын апрель айынын аягындагы, майдын башталышындагы кандуу басып алуулардан кийин 1999-жылдын августунун аягында моджахеддер Баткендин тоо жагын басып киришкендей эле элдин көңүлү кайрадан Баткенге бурулду.1999-жылы Баткен өзүнчө облуска айландырылып, күч түзүмдөрү чыңдалса, бул ирет жалпы облуска өзгөчө макам берилгени жатат. Билишибизче, мурда деле чек араларга чектеш жайгашкан айыл-кыштактар жөнүндө Президенттин Жарлыгы, Өкмөттүн токтому бар болчу. Бул ирет ал кайра каралып, мыйзамдык деңгээлде күчөтүлүп, бекемделгени жатат. Ал мыйзам долбоору кабыл алынса, Баткендиктерге, мамлекетке эмне берет?

Мурдагы укук-ченемдик актыда чек араларга жакын жайгашкан айыл-кыштактардын социалдык түзүмдөрүн  өнүктүрүп, элин ички миграцияга учуратпастан кармап калууга негизги басым жасалса, ал азыр аздык кылары түшүнүктүү. Анткени, чек ара жаңжалдарынын түйшүгүн көп тарткандар акырындап, үй-жайларын жердештерине, айрымдары тажиктерге сатып, Бишкекке, Чүйгө көчүп кетип жатышканы мурдатан эле айтылып, жазылып келет. Эгерде айрымдарынын айылдары аралаш жайгашкан тургундардын көпчүлүгү үй-жайларын сатып көчүп кетип калышса, ал жерлерге зым торлорду тарткан деле жардам бере албай калышы мүмкүн. Ошондуктан биринчи кезекте, чек араларды делимитациялап, демаркациялаганга негизги басым жасалуусу зарыл. Чек аралар толук такталбаган участокторго мектептерди, бакчаларды ж.б. социалдык түйүндөрдү куруп, куру убаракерчилик тарткандан майнап чыкпайт. Мурда андай курулгандардын бир тобун баскынчылар талап, тоноп, өрттөп кетип калышты эле, эми алар республикалык бюджеттин эсебинен калыбына келтирилгени жатат. Мындан ары  Тажикстанга чектеш элдүү конуштардын биринде андай окуялар кайталанбайт деп ким толук кепилдик кыла алат? Тилекке каршы, эч ким. Демек, курулуш иштери чек аралары толук делимитацияланып, демаркацияланган участоктордо гана жүргүзүлүүсү зарыл, калгандарына азыртан киришкендин кажети жок. Пландары сызылып, такталып, долбоорлору даярдала берсин, бирок поезддин алдына түшүп жүгүргөндөй болбоо керек. Азыркыдай  эки өлкөнүн саясый жетекчилигинде айрым участоктор боюнча бирдей түшүнүү, позиция жок болуп турганда, чек аралардын жакын ортодо чечилүүсү аябай эле кыйынга турчудай. Азырынча алардан зарыл иштерди аткарууга көңүл бурган оң. Алар кайсылар?

Мурдагы советтик мезгилде өтө опурталдуу делген чек араларга чектеш жашагандардын алдуу-күчтүүлөрү тымызындан чек араларды коргоо иштерине тартылып, аларга ар кандай преференциялар каралып турган. Же алардын жарымы тыңчылык милдетти аткарышса, калгандары кошуналарга көз салып, шектүү кыймылдар, адамдар жөнүндө тийиштүү жерлерге билдирип турушкан. Бизде да өтө опурталдуу делген чек ара аймактарда жашаган аскер жашындагылардын бардыгы ачык, жабык түрдө чек ара иштерине тартылышы, алар ага каржылык жана материалдык жактан кызыкдар болуулары зарыл. Маселен, жаш жигиттер мугалимдиктен же муниципалдык бир органда адис болуп иштегенден сырткары атайын окуулардан өткөрүлүп, кошуналардын шектүү иш аракеттерине көз салып, кризистик кырдаалдарда зарыл иш аракеттерди жасаганга үйрөтүлүүсү, айрымдарында курал жана тийиштүү органдарга оперативдүү байланыша ала турган аппараттар, жабдуулар болушу зарыл. Акыл-эстүүлөрдүн, жогорку класстардын окуучулары да чек араларда өздөрүн кандай алып жүрүшү, кризистик учурларда кандай аракеттерди көрүү керектиги жөнүндө маалыматтуу болуулары керек. Биринчи кезекте жергиликтүүлөр өздөрү түшүнүктүү, тартиптүү жана толеранттуу болушса, апрель-майдагыдай окуялардын кайталанышы абдан кыйын. Бул максатта  биздеги алган гранттарын “списать” этүү үчүн Бишкектегилерди толеранттуулукка чакырып жүргөндөр чек аралардагы айыл-кыштактарга барышып, агартуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө, эң эле жакшы болмок. Бирок, гранттар элди бийликке каршы шыкактоо үчүн гана бөлүнөт, андай мамлекеттер аралык маселелердин грант бергичтерди кызыктырбай тургандыгы да чындык.

Эч ким жөндөн-жөн эле кичи ата мекенин таштап кеткиси келбейт. Эгерде кошумча материалдык жана каржылык кызыкчылыктар жаралса, кичи мекен андан да сүйкүмдүү көрүнөт. Ал үчүн республикалык бюджетке түшө турган салыктарды, төлөмдөрдү толугу менен чек аралары кооптуу делген айыл-кыштактарга жашагандарга калтырылуусу, алардын балдары ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүнө өткөнгө, дарыланганда, эс алганда, өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын мамлекетке сатканда ж.б.  артыкчылыктар берилүүсү, айылда калып иштегилери келгендер кошумча төлөмдөр менен атайын отряддарга кошулуусу зарыл. Андай жеңилдиктер, артыкчылыктар чек ара маселелери өзгөчө татаал айыл-кыштактарга гана киргизилсе, чек аралар демаркациялангандан кийин алар ырааты менен алынып турса, бюджетке өзгөчө оордук деле келтирбейт. Социалдык түйүндөрдү куруу жөнүндө ойлор, сунуштар жакшы, алар да болушу керек, бирок чек араларда жашагандар клуб же мончо жетишпегенден эмес, нормалдуу тынч жашоо, тиричиликке зарыл күнүмдүк каражаттар болбогондон улам акырындап көчүп кетип жатышкандыгын эстен чыгарбайлы. Ишенимдүү жумуш ордулары, жетиштүү каражаттары болсо, калганын эл өзү деле чечип аларын күндөлүк  турмуштан көрүп келатабыз.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити