Эки күндөн бери Кумтөр иши боюнча жана "мыйзамсыз баюу" беренелери менен бир катар “көпөстөр” суракка чакырылып, алды 2 айга камалып, артындагыларынын баш коргоо чаралары каралып жатат. Бийликтин, анын ичинде УКМК башчысы Ташиевдин мындай кадамы, эрктүүлүгү калктын калың катмарынын алкоосуна алынып, коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканына ишеним пайда болду. Эки күндүн ичинде эле бир топтору эстери ооп, кирерге тешик таппай, өздөрүн жоготуп, түн уйкулары бузулууда. Айрымдары эч нерсе боло электе айылдарды аралап, эл чогултуу менен алек. Эл деле көрүп - билип турат да. Баргандарды “колуң менен кылганды, мойнуң менен тарт”- деп жолго салышууда. Айласы куруган кургурлар, Садыр Жапаров президент болуп келери менен силерге окшогондорго бир ай экономикалык амнистия бергенде жегениңерди төгүп бергенде азыр тынч уктамаксыңар. Эми жүрөсүңөр кол топтой албай тилемчи кейпин кийип. Алмайдын бермейи бар деген ушул.