Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 574


- Эми жүздөгөн депутаттарды уктабай турган абалга алып келе турган, эң чоң жара болгон Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн маселеси да көтөрүлүшү керек. Бул эки мөңгү дүйнөдөгү экологияга эң таасирлүү мөңгүлөрдүн тизмесинде турган мөңгүлөр экенин, эколог аттуунун баары билген жана эскертишкен. Текебаевдин бул эки мөңгү боюнча парламенттин трибунасынан чыркыраган чындыкты айтып, күйүп-бышып айтканы азыр да интернетте илинип турат. Ушул эки мөңгүгө түбөлүк бийликте болобуз деген жүзгө жакын добуш берген депутаттарды номер биринчи СИЗОГО алып кирип, анан тергөө жүргүзүш керек! Анткени бул эки мөңгү менен келечек муундун эки бөйрөгүн жыга чаптык десек да болот. УКМКнын СИЗОсунда орун деле калбады окшойт. Ошол мен айткан мөңгүгө добуш берген депутаттар эми бири бирин күч келгенде сата башташат, башка жол жок! 2003-2009- жылдардагы келишимдерди өзгөрткөндөрдү да тез олтургузуш керек, эми көпчүлүк чиновниктер кача баштабаса болду. Ал-Тын алтындыгын ушул жерден далилдеш керек. Канадалыктар да катаал териштирүү башталганын билиш керек. Алар да стабилдүү кимдерге пара бергенин айтат, эмнеге кирешени аз көрсөтүү максатында жасалма чыгашаларды жасаганы үчүн да, биздин мыйзамдын негизинде жазага тартуу зарыл. Анткени, ал жерде жүз миллиондогон долларларды чыгашага кошуп жиберишкен. Эгерде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев катуу турса, офшордогу акчалар да ачылып кетишине толук шарт түзүлдү. Эл аралык сотто да ута турган кырдаал түзүлөт. Аудитор катары, баарын көрүп билип турам, бирок айла жок, жок дегенде элге бир аз түшүндүрүүгө аракет кылдым.