- Кайран элим, чейрек кылым бийлик башына келген башкаруучулардан азап чекти, кордолду, айласы кетти, мамлекетибиз тонолуп, кут-береке качты.Карызга акча алып аны жешти, ссуда, грант, гумжардамдарды ж.б. кемиришти, жебегени- катуудан темир, жумшактан колтугунун жүнү эле калды.
Аргасы кеткен эл тентип, жашоо үчүн күрөшүп сыртка чыгып кетишти. Калган элибиз жараткандан суранып куткаруучу издешти. Эл үнү жаратканга жетип, октябрь шамы үмүт берди.
Элдин канын соргон мителер, өз элин мыйзамдуу тоногон рекеттер, жердин кутун качырган каракчылар, жеп тойбогон ач көздөр каарданган элдин күчү менен куулду. Элибиз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдей сүйгөн уулун бийлик башына алып келди. Бирок кан соргучтары жөн эле жатып берген жок, жан талашып жылуу орундарын бергиси келишпей укмуштуудай каршылык көргөзүштү. Гүлдөгөн Кыргызстанды өткөзүп бергенсип үч күн иштей элек Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге сын айтышып, бийлигин сактоо аракеттерин кылышты. Булардын дарамети канча экенин президенттик шайлоо көргөздү.Мыкты лидерге суусап турган эл 80 пайыз добуш менен Садыр Нургожоевичти шайлашты.Камчыбек Кыдыршаевич мителерди, колу туткак ууруларды, эл ырыскысын жеген келемиштерди камап баштады. Алар тарапкерлерин көчөгө алып чыгып жумурткадан кыр издешип, ар кандай ультиматумдарды коюшуп, иштегенге жолтоо болуп жатышты. Ички чыккынчылардын кесепетинен Баткенде согуш болуп, 36 жердештерибизден ажырап кан жутуп жатканда, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч болуп турган учурда, ички душмандар ак үйгө чабуул да жасап көрүштү.Элдин, Жараткандын каргышына калган жексурлардын максаттары ишке ашпады.
Ошондой тоскоолдуктар болуп жатса да эки дос демилгени колго алып, ички, сырткы душмандарга туруштук берип, тынчтыкты орното алышты.
Мына, эми кандай керемет саясат башталды .Өлбөс дөөлөр капканга түшүп, жегендерин кусуп баштайт, тоногондорун ордуна коюшат.Канчалаган адамдардын башын жеген "Кумтөр" чечилип жатат, чек ара маселеси ордунан жылды. Эл күткөн Ош коогалаңы,7- апрель, Дача- Су каргашалары иликтенип баштады.
Экономикалык ири долбоорлор ишке ашканы турат. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун ушундай ийгиликтүү жана чечкиндүү кадамдары менен өзүн оппозиция сезген акылдуулардын айтаарга сөзү калбай, ооздору жабылып отурат.
Урматтуу эл-журт, мамлекетибизди ичи сасык бузукулардан Улуу жараткан сактап турса, жакынкы жылдарда өсүп-өнүгүү жолуна түшөбүз.Биз кыргыздар да өнүккөн өлкөдө жашаганга укуктуубуз, ал үчүн бир болуп, бир тууга биригип, Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нургожоевичке жардам берели, алардын саясатын колдоп, жамандык издей бербей мүмкүнчүлүк түзөлү!
Тынч өлкөгө кут түшөт, ынтымактуу элге береке кирет.
Шүкүрбек Эркебаев