Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 184

- Рамазан агай, Аскар Акаев "Макмалдан"  2 тонна алтын алып чыгып кеткен деген маалымат чынбы?

- Акаев 2 тонна алтынды, бажыканадан өткөрбөй койгондо мыйзамсыз, контрабанда жолу менен тагыраагы, Бирштейндин самолёту  менен алып кеткен. Швейцариядан алтынга  аффинаж жасатып, банка салып пайдаланып турушкан. Баарынан кызыгы, ал алтындар Кыргыз мамлекетинин эсебинде эмес, жеке эсептеринде  болгон. Азыр Акаевди эле эмес, ошол алтынды ташыгандарды дагы жоопко тартсак болот. Аскар Акаевдин күзөт башчысы Бошкоевди жана ошол мезгилдеги Улуттук банктын жетекчисин да жоопкерчиликке тартып, жазаласак болот. Ошондой эле, Путинге кайрылып  "кыргыз элин жогору коёсузбу же элден мамлекетти сызга  отургузган Аскар Акаевди жогору турабы" деп  катуу эле айтып, Акаевди Кыргызстанга экстрадициялаш керек.

- Эми "Кумтөргө" тиешеси бар мурунку чиновниктердин баары камалышы керекпи?

- "Кумтөр" маеслесинде кимдин канчалык күнөөсү бар же жок экенинин иликтеш керек. Ошого  жараша жоопко тартылышы керек.  Кыскасы, "Кумтөрдүн" таш-талканын чыгарууга жол берген азаматтардын бири да көз жаздымда калбашы керек. Ошолордун айынан "Кумтөр" бүгүнкүдөй абалга жетип, экология талкаланды. Алтындын пайдасын эл эмес, шылуун компания көрдү. Ошон үчүн баарын көз жаздымда калтырбай жазалаш керек.  

- Бирок, акционерлер да тымызын бийликти алсыратуунун аракетин көрүп, “Центерранын” тапшырмасын ишке ашырууга аракет кылышат дегендер да бар го?

- Азыркы бийлик бир мүнөттү да текке кетирбей иштеши керек. Ал тургай булар менен күрөштө бир мүнөт да тыныгуу албай, ишти тездетип, катачылыктарын таап чыгып, коррупцияга жол берген учурларын иликтеп чыгып,  мойнуна коюшу керек. “Центерра” коррупция менен  алектенгенин далилдесек, буларды эч ким колдобой коёт. Анткени, чет мамлекетте коррупция чоң күнөө болуп эсептелет.

- Аскар Акаев бир маегинде “Кумтөрдүн" пайдасын мен эмес, Роза Отунбаева көрдү”- деди го. Ишенсек болобу?

- Акаев бул жерден дагы жалган айтты. Ал кезде бийликте Отунбаева эмес, 15 жыл бою  Акаев жана анын үй- бүлөсү отурган. Ал бет тырмарлык кылып, ушул жерден да өзүнүн ким экенин жана канча жүзү бар экенин көргөздү. Өкүнүчтүүсү, кыргыз элин мына ушундай  жалганды катыра айткан киши 15 жыл башкарды. 

 - “Центерра” эмне үчүн Тенгиз  Бөлтүрүктүн ар бир кадамын карап, билдирүү тарата баштады?

- Менимче, “Центерра” Тенгиз Бөлтүрүктөн коркуп жатат. Тенгиз Бөлтүрүк  кыргыз элинин патриоту экенин, элин, жерин сүйөөрүн далилдеди. Кыскасы, Бөлтүрүктү таап келген, ага ишеним арткан  президент Садыр Жапаровго рахмат дешибиз керек.
 Буюрса, Тенгиз Бөлтүрүк “Центерранын” айыбын ачат. “Центерра” ошондон коркуп, анын ар бир кадамын көз жаздымда калтырбай карап жатышат. Тенгиз Бөлтүрүк инвесторбуз дегендердин баары эле чыныгы инвестор эмес, өз кызыкчылыгын жогору койгон “жуликтер” да болоорун көргөзүп жатат. Буюрса, “Центерранын” катачылыктарын мойнуна коюп, аларга ишеним арткан эл аралык финансы уюмдар  дагы кандай инвесторлорду колдошконун далилдеп беришибиз керек. Кыскасы, Тенгиз  Бөлтүрүктүн астында чоң милдет  турат. “Центерранын” эле кылмыштарын ачыш эмес, "Кумтөрдө"  иштеп жаткан технологияны сакташ жана  өндүрүштү дагы алдыга жылдырыш. Ошон үчүн кыргыз эли Тенгиз Бөлтүрүктү колдошу керек.