- Айданбек байке, Акылбек Жапаровду бирөөлөр саткын десе, айрымдар келген бийликке кызмат кылгандан башканы билбеген Арзымат дешүүдө. Ал "Кумтөрдөгү" алешемдиктердин бетин ачкан комиссиянын башында туруп туура кылдыбы же калпыстыкка жол бердиби?
- Акылбек Жапаров ар дайым өлкө башчыларынын ыгынан чыккан эмес. Бул ирет да ошол картина кайталанып отурат. Ал Садыр Жапаров эмнени айтса, ошону жасайт. Бирок Садыр Жапаров: “Кумтөрдө алтын калбады, аны алуунун кажети жок”,- деп бир эмес, бир нече жолу айткан. Андан кийин Акылбек Жапаров башында турган депутаттык комиссия башка чечим чыгарып, кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү...
Акылбек Жапаровдун чечимдерин туура деп баалаймын. Анткени биз өзүбүз "Кумтөр" ачылгандан бери ал жердеги адилетсиздик, афера жөнүндө айтып келатабыз. Мына ошол аферага тыюу салынып жатса, аны колдоо гана керек деп эсептеймин.
- Азыр аны күнөөлөштүн кажети барбы же тескерисинче колдоого алышыбыз керекпи?
- Ооба, азыр Акылбек Жапаровду колдош керек. Ошол эле учурда Бөлтүрүк башында турган сырттан башкарууга көзөмөлдү күчөтүш керек. "Кумтөр" жогоруда айтылгандай, кедерине кетпей, Кыргызстан мамлекетинин, элинин пайдасына иштей башташы керек. Иштегенде да “Центерра” мезгилине караганда мамлекетке кирешени эселеп көп бере башташы керек. Ансыз сырттан башкаруу киргизүүнүн мааниси кетет.
- Улуттук банк "Кумтөрдүн" алтынын сатып алганы туура болдубу?
- Туура болду. Бирок Улуттук банк сатып алган алтынды андан ары сатууну жолго коюш керек. Бизге белгилүү болгондой Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд. доллардын тегерегинде. "Кумтөрдө" болсо жыл сайын 1 млрд. доллардын тегерегинде алтын казылып алынат. Ошондуктан, Улуттук банктын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ал алтынды андан ары сатып, "Кумтөрдү" акча каражаты же валюта менен камсыз кылып турууну чечиш керек. Анткени, "Кумтөрдө" иштерди жүргүзүү үчүн валюта талап кылынат. Мына ушул маселе чечилип, жолго коюлса, "Кумтөрдөгү" калган технологиялык, коопсуздук, өндүрүштүк жана башка маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат...
- Баса, Канада Тенгиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козгоптур. Эми алар анын колу-бутун кайрыгандын аракетин көрөбү же соодалашууга аргасыз кылайын деп жатышабы?
- Канада тараптан Бөлтүрүккө кылмыш ишинин козголушу күтүлгөн иш эле. Ага таңдануунун кажет жок. Канада бийлиги “Центерранын” кызыкчылыгы коргоп жатат. Демек, өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бөлтүрүк кош жарандуулугу бар экенин маалымдаган. Демек, ага Канадага барууга жол жабылды. Ал Канадага бара албайт. Кыргыз мамлекети аны Канадага өткөрүп да бербейт. Конституция ага жол да бербейт. Ошондуктан, Канада ачкан кылмыш иштин келечеги бүдөмүк көрүнөт.
Эми, Кыргызстанда Бөлтүрүктүн алдында оор маселе турат. Ал "Кумтөрдү" иштетип кетүү. Бул оңой иш эмес. Андан сырткары Бөлтүрүк жана анын кожоюндары "Кумтөрдү" кезектеги аферага же катастрофага айлантпай, кыргыз мамлекетинин, элинин пайдасына иштетиши керек. “Центерра” иштеп турганда "Кумтөр" Кыргызстан бюджетине жыл сайын 80-90 млн. доллар түз салык төлөп келген. Бөлтүрүктөр эми аны эселеп көбөйтүш керек. Эгерде "Кумтөрдөн" мамлекеттин кирешеси көбөйбөсө, анда ушунча ыр-чыр менен мамлекеттин карамагына алуунун кереги бар беле деген суроо чыгат.