Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 211

- Ташболот агай, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра Голд” компаниясы “эл аралык келишимдерди бузду” деген негиз менен Кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бериптир. Бул тууралуу оюңуз кандай?

- “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра Голд” компаниясы эл аралык арбитраждык соттордогу  териштирүүлөр өздөрү үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болоруна ишенип турат. Анткени, биздин мурунку бийлик – “эл аралык сот болсо - Канаданын соту карайт” деп кол коюп, печаттарын басып койгон. Алар ошон үчүн “сотто жеңип алабыз, биздин пайдабызга чечим чыгат”- деп өздөрүнө ишенип турушат. Бирок, сот деген сот, мүмкүн алар эмес, биз утуп каларбыз. Анткени, азыр кырдаал өзгөрдү.  Жаңы бийлик келди. “Центерра голд” компаниясы үчүн да оңой териштирүү болбойт.

- Эл аралык сотто алардын эле айтканы эске алына береби? Кыргызстандын табийгатына келтирген эсепсиз зыяндары, экологияга келтирген чыгымдары эске алынбайбы?

- Албетте, экология да орчундуу  маселе. Айтайын дегеним, экология боюнча Кыргызстан эл аралык сотко өзү да берсе жакшы болот эле. Биздин өкмөт  Кыргызстандын сотторуна эле эмес, эл аралык сотторго да  кайрылышы зарыл. Майда-чүйдө акча төлөгөндөн качпай.

- Депутаттык комиссиянын жыйынтыгында үрөй учурган, Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаган жагдайлар орун алган  маалыматтар ачыкка чыкты. Эмне үчүн кыргыз бийлиги арзыбаган акча үчүн ошондой алешемдиктерге жол берген?

- Анткени, буга чейинки бийликте тургандар “Кумтөрдөн” азыктанып келген. Ошон үчүн көп учурда алардын катачылыгына, экологияга келтирген зыянына көз жумушкан. “Центерра” Өкмөттү, бийликти эле эмес,  керек болсо, журналисттерди дагы колго алып койгон. Ошон үчүн алар алган акчасын акташ үчүн “Центеррага” каршы пикир айтып койсоң эле сени сындап, каралап, ашатып, жалгандарды кошуп жазып калышчу.

- Эми “Центерра голд” компаниясы  бийликти көксөп жүргөн топту каржылап жибербейби?

- Чоң акча бар жерде баардык аракеттер сөзсүз жүрөт. Эгер оппозиция “Центеррага” каршы чыкса, басынтканга, бийлик алардын тарабында болсо, аларды сатып алганга жана аларга жан тарткан маалыматтарды жарыялап туруш үчүн журналисттерге да акча төлөшөт. Азыркы бийлик буларга каршы  иш кыла турган болсо, бийликке каршы күчтөрдү каржылагандан деле баш тартышпайт.

- Айтмакчы, Сапар Исаков Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимге кол коюптур. Мындай кадамга ал өзү бардыбы же кол коюуга аргасыз болгонбу?

- Кыргызстандын кызыкчылыгынан “Центерранын” кызыкчылыгын жогору койгон келишимдерге Сапар Исаковбу же башка премьер-министрлер кол койсо да, алар   бийликтин шахмат доскасындагы пешкалар болушканын түшүнүшүбүз керек. Анткени, “Центерра голд” президенттердин көзөмөлүндө болгон.Булак: “Майдан. kg” гезити