Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 230

- Нарынбек агай, Октябрь райондук соту “Кумтөрдү” иштеткен компанияны экологияга келтирген зыяны үчүн доого жыккан чечим чыгарды. Алар болсо, Кыргызстандан чыгып кетип, Канададан билдирүү жасай башташты. Булар сот чегерген каражатты төлөбөштүн аракетин кылып жатышабы?

- Негизи, Октябрь райондук соту мөңгүлөрдүн жок болушу, экологиянын бузулушун эске алып, жакшы чечим чыгарыптыр. Лысый, Давыдов мөңгүлөрү талкаланып жатканын Атамбаевдин бийлиги деле билчү. Бирок өз кызыкчылыктары үчүн бул маселе көтөрүлсө да унчукпай коюшкан. Ошон үчүн мөңгүлөр талкаланып жатат деп маселени кабыргасынан койгондордун аракети колдоо тапкан эмес. Эми “Центерранын” Кыргызстандагы жетекчилери, четтен келген жумушчулары мамлекетибизден чыгып кетип, эл аралык сотко бергенин маалымдашты. Эми алар эл аралык сотко чейин барып, төлөбөөгө аракет кылышат. Бирок биз эл аралык сот десе эле коркуп калбай, булардын экологияга келтирген чыгымдарын баарын далилдеп беришибиз керек. 

- Бизнес-акыйкатчы айткандай, эми инвесторлордун баары качып кетпейби?

- Кыргызстанга келе калайын деп шашып жаткан деле инвестор жок. Ошон үчүн сот чегерген каражатты өндүрүп алуунун аракетин көрүшүбүз керек. Анткени, алтындын запасы деле түгөнө элек. 1982-жылы СССРдин мезгилинде “Кумтөрдү” изилдешип, 700-1000 тонна алтын бар деген тыянакка келишкен. 400 тоннасын казып кеткенде дагы 300 тоннасы бар. Эгер миң тонна болсо, 600 тонна алтын бар. Ошон үчүн “Кумтөрдү” казып жаткан инвесторлор деле качып кетпейт. Күрөштү күчөтүп, келтирген зыяндарын төлөтүп алуунун талап кыла беришибиз керек. Ошондой эле, алтынды казган татаалдашса да, чыгымы көп болсо да казышыбыз керек. Кыскасы, алар сот чегерген сумманы төлөп беришсе, Кытайдын 1 млрд 762 миллион карызынан кутулуп калабыз. Ошон үчүн “Кумтөрдү” экологиялык доого жыксак, бөлөк инвесторлор качып кетет дегенге ишенбей, алган багытыбыздан кайтпашыбыз керек. Анткени, биз аларга мурдагы келишимдерди өзгөртөбүз деген жокпуз. Менин түшүнүгүмдө депутаттык комиссия экологияга келтирген зыянга, табигатка жасаган кыянатчылыгына басым жасап жатат. 

- “Кумтөр” боюнча алган багытыбыз туурабы? 

- Албетте, алган багытыбыз туура. Биз “Кумтөрдү” сөз кылбай отура берсек, экологиябызга келтирген зыяндан биздин мөңгүлөр жок болууда. Ошондой эле, “Центерра” алтын иштеткенде пайдаланган уулуу заттарды зыянсыздандырып, келишимде көрсөтүлгөндөй көмүп бериши керек. Эгер “Центерра” алардын баарын жасабай кетип калса, биз экологиялык катастрофага туш болобуз. Канчалаган чакырым жерлер, суулар, эл ууланып азап тартабыз. Ошого жеткирбес үчүн буларды экологияны бузба деп тартипке чакырышыбыз керек. Экологияны биз айтпаганда ким айтат. 

- “Центерра” мурунку бийликтер бизге ант берген, макулдашууга кол койгон деп неге азыркы бийликти тоготпогонго аракет кылып жатышат? 

- 2009-жылы Бакиевдин мезгилинде “Мындан ары проценттерди чоңойтуп, кичирейтпейбиз. Бул маселелерди кайра башынан карабайбыз” деген макулдашуу түзүлүп калган. Алар ошон үчүн бул маселени Жогорку Кеңеш да, сот да караганга укугу жок деп ошол макулдашууларга таянып жатышат. Менин түшүнүгүмдө азыр экологияга зыян жана салыктарды жашырганы тууралуу гана айтып жатабыз. Эгер булар чындап салыкты да жашырып келишкен болсо, анда биздин алган багытыбыз, позициябыз туура. Мындай учурда улутташтырсак да биздики туура болот. Анткени, көп мамлекеттерде инвесторлор талапты аткарбаса, экологияга зыян келтирип, салыкты жашырса, кендерди улутташтырып алышат.

- Мүмкүн “Центерра” эл аралык сот менен азыркы бийликти да коркутуп алгысы келип жаткандыр? 

- Мүмкүн. Биздин өкмөт деле сүйлөшүүдөн качып жаткан жок го. 45 күндүн ичинде сүйлөшсө сүйлөшөлү деп жатат. Андай иштешүү, тил табышуу максаты болсо, экологияга келтирген зыяндарын калыбына келтирсин. Көрсөтүлгөн сумманы толугу менен төлөсүн. Бул жерде маселени соттошуу эмес, сүйлөшүү жолу менен деле чечсе болот. Соттошсок 10 жылдап деле соттошо беребиз. Бирок, биз жогоруда айткандай пайыздарды кичирейтип же чоңойтобуз деп маселе көтөрбөгөндөн кийин булар эмнени негиз кылып сотко берип жаткандарын түшүнө албай турам. 

- Баса, “Кумтөрдү” сырттан башкаруу мыйзамын кабыл алдык. Канада ошого тынсызданып жатканын билдирди. Эми сырттан башкаруу мыйзамы менен башкарууну колго алсак болобу?

- Албетте, сырттан башкаруу мыйзамы менен өзүбүз башкарсак болот. Бирок, “Центерранын” негизги кеңсеси Торонтодо жайгашканы чатак болуп жатат. Чынында “Центерранын” офисин баарын болбосо да, “Кумтөр” боюнча филиалын Бишкекке алып келип, көзөмөлгө алышыбыз керек. Ошондо гана баары ачык айкын болот. Анткени, мурда кырсык болгон жылдары гана 17 тонна казылчу. Азыр болсо, жылына 17 тонна алтын казылат деп жатышат. Чынында жайчылык мезгилде 17 эмес, 22 тоннадан алчубуз. Ушундай каршы пикирлер жаралбас үчүн “Центерранын” офисин Бишкекке алып келип, толук көзөмөлгө алышыбыз керек. 

- Баса, Нарынбек агай, бийлик “Центерранын” ыгына көнбөсө бийликти көксөгөндөрдү каржылап, төңкөрүш менен бийликти алмаштырып жибериши мүмкүн деген да пикирлер айтыла баштады. Бул боюнча кандай ойдосуз? 

- Азыркы бийлик ак дилден иштеп, патриоттук сезим менен тарыхта кала тургандай жакшы иштерди кылса, “Центеррага” сатылбай, Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору коюп, Кытайдын карызын жаап, адилеттүү башкарышса, буларга “Ак Шумкар” ордени дагы аздык кылат. Тагыраагы, алган багыты менен иштеп, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коё беришсе, “Центерра” эмес, андан башкалар акча чачса дагы, эл буларды эч ким менен алмаштырбайт. Кандай мезгил болсо да, азыркы бийликтин таламын талашып тура беришет.