- Нарис мырза, “Кумтөр” үчүн камалып да чыктыңыз. Булардын бардык маселесин жакшы билесиз. Кыргызстан эмне кылса, утушка ээ болот
- “Центерра” менен кармашсак, бир гана экологияга басым кылышыбыз керек. Ошондо гана утушка ээ болобуз. Чынында Эл аралык сотто утулат деген сөздү ичтен чыккан ийри жыландар гана айтып жатышат. Аларга маани бербеш керек. Ошон үчүн жапа тырмак экологиялык маселени көтөрүп, Кыргызстандын табийгатына келтирген эсепсиз зыянын ачыкка чыгарып, "Кумтөр" эл аралык афёра экенин далилдешибиз керек.
- Келишимдердеги калпыстыктарга маани бериштин кажети барбы же жокпу?
- Маани бергенибиз менен алар келишимдердин баарын экономикалык, юридикалык жактан биздин мыйзамдар менен бекемдеп алышкан. Ошон үчүн "мурдун балта кеспей", билгенин кылып, кыргыз чиновниктерин каалагандай калчап, өз билгендерин жасап келишти да.
Бирок бир нерсени баса белгилеп коёюн. Менин колумдагы 2009-жылкы келишимде экологиялык жактан келишпестиктер болсо, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралат деп жазылып турат. Ошондуктан, соттук териштирүүлөрдүн баары биздин мыйзамдар менен болушу керек.
- “Центерра” өзүнө ыктаган саясатчыларды, эксперттерди, журналисттерди жалдап, болгон дооматты кыргыз бийлигине артып, өздөрү суудан кургак чыгып кетишпейби?
- Ошентүүгө болгон аракетин жумшашат. Мүмкүн жумшап да жатышкандыр. Азыр да алардын колдоосун көрүп жүргөн айрым саясатчылар, эксперттер, журналисттер коомдук пикир жаратууга ашыгып, “эл аралык сотто жеңилип калабыз. 3-4 миллиард доллар чыгымга туш болобуз” деген маалыматтарды айтып жатышат. Чынында алар айткандай эмес. Блогерлер да, эксперттер да, саясатчылар да “Центерранын” акчасына алданбай туура маалымат беришсе, утурумдук каражаттан улуттук кызыкчылыкты жогору коюшса жакшы болот эле.