- "Кумтөр" маселеси дайыма президенттердин көз карашына байланыштуу болгон, илимдүү деген Акаев да жеп-ичкендердин катарында болгон. Андан кийинкилер анын жолун жолдошту. Эми мына, президент Садыр Жапаров туура жолго салды деп терең үмүттөнөм. Ага мисал, Жогорку Кеңештин кечээги жыйыны жана анда депутаттардын кабыл алган чечими. Ушундай чечимге мурда эле келсек болмок. Эми тандап алган жолубуз канчалык деңгээлде туура болгонун келечек көрсөтөт.
Менин көз карашымда, кандай болсо так, кылдат кадам ташташыбыз керек, экология жагына көбүрөөк басым жасасак болот. Анткени, бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзү экологияга көз каранды, саясат, экономика да экологияга байланып турат. Ошондой эле, канадалык компанияга байланышкан коррупция иштерин да ачыкташ керек. Бул эл аралык соттон утуп чыгууга эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Бирок биздин күч органдарынын дарамети буга жетпейт го деп турам. Бул жагынан Батыштын системалары жогорку деңгээлде иш алып барып жүрүшөт, алар менен кызматташсак жакшы болот эле.
Орусия жана бизге коңшу өлкөлөр коррупция менен күрөшүп, ийгиликке жетишкен өлкөлөргө кирбейт, тескерисинче, коррупцияга малынган мамлекеттер болуп эсептелинет. Ушул жерде бир чоң маселе турат: баштаган ишти аягына чыгарууга президент Жапаровдун эркин канчалык деңгээлде жетет? Себеби, мамлекет башчыга кыйын, тегерегинде Путинден баштап баары коррупцияланышкан, тоталитардык бийлик. Эгер Жапаров ушул кысымдардан чыга алса, анда дүйнөдөгү эң мыкты президенттердин катарын толуктайт. А биз көмөктөшкөнгө дайым даярбыз!
Эгер ушул жол менен кетсек, "Центерра" жеңилет жана дүйнөлүк коррупциянын бир чоң уюугу ачылат. Дүйнө жүзүндөгү экологдор менен биргелешип, журналист-иликтөөчүлөрдүн жардамы менен баарын тыкыр иликтөө зарылчылдыгы жаралды. Канада, Британия сыяктуу өлкөлөрдүн бирдиктүү аракети "Кумтөргө" байланышкан коррупциянын бетин ачканга жардам берет. Ошондуктан, алдыда көп иштер турат. Биз чоң, татаал иштин биринчи кадамын гана таштадык. Эми Садыр Жапаровго ийгилик каалап, колдон келген жардамды аянбайлы. Президенттин максаты ишке ашса, Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү эң сыймыктуу, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат. Бери дегенде эле Скандинавия өлкөлөрүнүн деңгээлине жетип калабыз. Ага жетиш үчүн, чиеленишкен коррупциялык тамырды кыркыш үчүн Камчыбек Ташиевде уйку жок болот. Бүгүнкү бийликке ар тараптан колдоо көрсөтүп, баарыбыз ынтымакка келели!