Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 141

- Артур мырза, кыргыз бийлигинин "Кумтөр" боюнча алган багыты туура элеби?

- Албетте, туура. Бирок, ийгиликке жетүүнүн  жолу өтө татаал. Алдыда чоң күрөш күтүп жатат. Андан тышкары жакынкы аралыкта соттошуулар, жоготуулар, чоң экономикалык кризис болушу да мүмкүн. Келечекте Кыргызстан үчүн үзүрлүү жашоо болот десек, баарына чыдашыбыз керек. Ошондой болсо да, кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору коюу милдети азыркы жана келерки бийликтин мойнунда болот. "Кумтөрдү" иштеткен ишкананы катачылыктарын айтып, аларга доомат коюп, өз укугубузду коргоп, экологияга келтирген зыянын калыбына келтирсин дегенибиз үчүн  башка мамлекеттердин тоскоолдуктарына кабылышыбыз мүмкүн.  Ошон үчүн мындай иште элдин биримдиги, бүтүндүгү жана бийликтегилердин профессионалдуулугу  баарынан жогору турат. Бөлүнүп жарылбай, абалдан чыгуунун жолун табышыбыз керек.   Ошондой эле, Кыргызстандын бийлиги баарына даяр турушу керек. 

- Эмнеге? 

- Жакында "Кумтөрдө"н маселе жаралып калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. “Центерранын” оюу жакшы болсо, экологияны бузуп, талапка жооп бербеген иштерди кылмак эмес. Ошондой эле, таза иштешип, коррупциядан алыс болушмак. Булар бир ай мурун эле Кыргызстандагы жетекчиликтерин жана адистерин чыгарып кетишкен. Ошол жагын эске алсак, бизге башынан эле оюу түз болгон эмес. Эми "Кумтөрдүн" ишин солгундатыш үчүн да түрдүү амалдарды жасашып, тетиктерин чыгарып кетиши да мүмкүн. Кандайдыр бир тетиктерден маселе жаралып калса же сынып калса,  иш токтоп калбашы керек. Ошондуктан, бийлик баарына даяр туруп, адистерге да маани бериши  керек. Кен тармагында иштеген адистерди кызматка тартышы зарыл.

- Арбитраждык  сот “Центеррага” ыктаган чечим чыгарып коюшу мүмкүнбү?

- “Центерра” Кыргыз өкмөтү келишимдерди бузду инвестицияга салган каражатыбызды  кайтарып ала элекпиз деген шылтоолорду айтып, арбитраждык соттун башын айлантып, максатына жетүүнүн аракетин көрүшү толук мүмкүн. Ошон үчүн биз да эл аралык  деңгээлдеги юристтерди даярдап,  сотко даяр турушубуз керек. Сотто “Центерранын”экология келтирген зыянын, коррупциялык иштери боюнча далилдеп берсек, сот алар алар каалагандай эмес, биз каалагандай чечим чыгарып коюшу мүмкүн. Анткени, азыр дүйнө жүзүндө экология чоң көйгөйлүү маселе болуп жатат. Экологиянын эрежелерин сактабагандыктан, дүйнө жүзүндө климат өзгөрө баштады. Ошон үчүн 20 жылдан ашык убакыттан бери кумтөрдү казган компаниялар коррупциялык жол менен бийликтегилерди сатып алып, экологияны бузуп келгени сотто сөзсүз таасир этиши керек. Ал үчүн “Центерранын”экологияга келтирген зыянын кыргыз орус тилинде гана эмес, эл аралык деңгээлдеги  басма сөз каражаттарына чыгарып, алардын калпыс иштерин жайылтышыбыз керек. 

- Кыргызстандагы бийликти көздөгөндөр “Центерранын” каражатына алданып, бийликке тоскоолдук жаратышпайбы?

- Кыргызстандагы саясий  жана оппозициялык топтор “Центерранын”  экологиялык да, экономикалык да зыян келтиргенин көрүп, билип туруп, ошолордон каржысын алат деген ойдон алысмын. Бирок бийлик көзүнөн учкан шумпайлар алардын айтканына көнүп, бийлик алмаштыруунун аракетин көрсө, анда Кыргызстандын келечегине сокку урулат. Ошондуктан, кандай болгон күндө дагы саясий топтор "Кумтөрдүн" каржылоосунан алыс болуп, Кыргызстандын келечегин экологиясын, экономикасын жана саясий туруктуулугун ойлонушу керек.

- Эми алардын ыгына көнбөсөк, “Центерра” кандай кадамдарга барышы мүмкүн?

- “Центерра” "Кумтөрдү" иштетпестин айласын кылып, болушунча тоскоолдук жаратып, Кыргызстандын бюджетинде таңкыстын жаралсын деген максатты ишке ашырууну көздөшү мүмкүн. Анткени, абал оорлошсо, кыргыз бийлиги биздин шартка көнөт деген ойду карманышы ыктымал. Ошондуктан бийлик алган багытынан тайбашы керек. Экологияга келтирген зыянын төлөтүп, аларга сатылбашы, шартына көнбөшү керек.