Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 132

-  Рамазан агай, Октябрь райондук соту экологияга келтирген зыяны үчүн “Кумтөр” 3 млрд. доллар төлөсүн деген токтом чыгарды. Эми алар көрсөтүлгөн сумманы төлөйбү же төлөбөй кутулуунун жолун табышабы?

-  “Центерра” эл аралык сотко берип, экологияны бузбаганын далилдөөнүн жолдорун издейт. Бирок, канадалыктар эл аралык сотко бергиче күтүп олтурбай, эл аралык экологдорду чакыртып, “Центерранын” жаратылышка келтирген зыянын иликтетип, шермендесин чыгарыш керек. Ага анчалык деле чоң каражат кетпейт. Ошондой эле соттун чыгарган чечимин көптөгөн экологиялык уюмдарга берип, “Центерранын” Кыргызстанга келтирген зыяндарын айтып, кабардар кылыш керек.

- Кыргызстандагы бизнес Омбудсмендин айтымында, “Центерраны” доого жыгып, төлөмөр кылсак, Кыргызстандан инвесторлор кача баштайт экен го?

- “Центерранын” экологияга келтирген зыянын эл аралык деңгээлде алып чыксак, алар айласын таппай калышат. Менимче президент Садыр Жапаров Кутманованы бекер кызматка тарткан жок. Мурунку президенттер ачуу чындыкты айтканы үчүн Динара Кутманованы куугунтукташса, Садыр Жапаров эки чылбыр, бир тизгинди колуна берип, экология боюнча күрөштү башташты. Анткени, экология баардык турмушубуз менен байланыштуу.

- Баса, Жеңиш Молдакматовдун камакка алынышын айрымдар кубаттаса, кээ бирөөлөр аны камоонун зарылчылыгы жок экенин, ал саясий куугунтукка кабылганын айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Жеңиш Молдокматов менин байкашымда анда-мында улутчул боло калып жүрчү. Бирок анчалык эле улутчул экенин деле байкаганым жок. Ал камакка алынганда айрымдар мактап, “улутчул жигит болчу, чындыкты бетке айтчу”- деп чыкты. Чынында, бул бала Атамбаевге ыктап, андан кийин Жээнбековго жан тартып жүргөндөрдөн болчу. Ал ортодо “Замандаш” партиясынын лидери боло калды. Азыр жаңы партия түзө салыптыр. Кыскасы, Жеңиш Молдокматовдун элдер айтып жаткандай улутчулудугун деле, мекенге күйүп, чындык деп чыркыраганын деле көргөнүм жок. Эгер ал чындап улутчул болсо, “кыргыз тилине артыкчылык берели”- деп жанталашмак. Кыргыз тилин коргогондордун тарабында болмок. Мисалы, Украинада улутчулдар өз эне тилин гана колдонгонго жетишти. Бизде тилди анчалык коргогон улутчулдар чыга элек. Ошондонбу, Сооронбай Жээнбеков президент кезинде Путинге кошомат кылып, орус тилин өркүндөтөбүз деп 300 орустун мугалими келип, кыргыздарга сабак өтөт дегенде каршы чыккан жок. Кыскасы, кечээ жакында эле оппозиция болуп чыга келбесе, буга чейин жогору жакка ыктаган эле, ошолорго ыңгайлаштырып сүйлөгөн эле жигит болчу. Ошон үчүн мунун камалганы канчалык саясий куугунтукка жатаарын деле билбейм.

 - Айтмакчы, саясатчы Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына, өзүнүн лексиконунда: “бийликте турган азаматтар” күнөөлүү экендигин билдирди. Анын айтымында, бүт жоопкерчиликти колго алган “жигиттер” кадр тандаганды, тышкы-ички саясатты жүргүзгөндү билишпейт. Чек арада кандуу окуянын чыгышына өзүнүн дагы тийешеси болгон, учурунда Тажикстан тарапка стратегиялык мааниси өтө чоң участокту берүү тууралуу меморандум түзүп, кол койгон адамдын бүгүн акыл айтууга моралдык укугу барбы?

- Ачыгын айтсам, мен азырынча жаңы бийлик тарапта болуп турам. Себеби булар жеп ичип мамлекет, элге зыян келтиргенин байкай элекмин. Чек ара маселесинин ушул убакта чейин чечилбегенине эски бийликтер жана ошонун ичинде Адахан Мадумаровдун да күнөөсү бар. Ал госсекретарь, ошондой эле көп жыл депутат болгон. Азыркыдай доомат коюп, сүйлөйт экен бийлик колунда турганда эмне үчүн аракет кылып, чек араны чечкенге аракет кылган эмес. Ташиев менен Жапаров оор учурда келгенине карабай чек ара маселесин чекенге аракет кылып жатышат. Аларды ошол аракети үчүн күнөөлөбөшүбүз керек. Анткени, бул согушка тажиктер катуу даярдык менен киришкени көрүнүп эле турбайбы. Алар Кыргызстанга күтүлбөгөн жерден кол салышты. Ал турсун оор куралдарды колдонуп, асмандан тынч жаткан элди учак менен аткылашты. Баарынан кызыгы, бизге орустардын курал-жарактары менен чабуулга киргени болуп жатат. Таң калыштуусу, орус тарап кой деп койгонго жараган жок. Ошондон уламбы, айрым маалымат каражаттары “муну Путин уюштурду”- деп жазып жатышат. Мүмкүн чындык бардыр. “Шибегени капка ката албайсың”. Баары бир мезгили келгенде баары ачыкка чыгат. Тажиктер кол салаардын алдында Путин Рахмон менен сүйлөшкөн. Ошон үчүн Шойгу Душанбеге келет. Бейкүнөө кыргыздар кырылып, кан төгүлүп жатса да бир телефон чалып койгон жок. Ал турсун элге да көңүл айтып койгон жок.

- Демек, бул нерсе да бирдемеден кабар бербейби?

- Албетте кабар берет. Маселе эми мындан ары абалдын кандай нукта өнүгөөрүндө. Менин жеке пикиримде, тажик тарап оңой менен токтобойт. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ошону эске алыш керек. Алдыда өтө чоң иштер турат. Оперативдүү каналдардын баарын жолго коюш керек. Маалыматтык согушту жогорку деңгээлге чыгарыш керек. Чалгындоо жана контрчалгындоо кызматын күчтөш керек. ИИМ дагы ыкчам иштеп, наркотрафиктин жолун жаап, коридорун тазалашы керек. Бул иш оңойго турбайт. Бирок, баарын каршылык көрсөткөндөрүнө карабай тазалаш керек. Шох Искандеров деген уюштурду деп жатышат, аны да изилдеп жоопко тартыш керек. Кыскасы, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүдөн башка дагы жогоруда айткандай көптөгөн иштер турат. Кыскасы, кыргыз элим жапа тырмак Садыр Жапаров менен Ташиевге жардам бериши керек. Элдин башына ушундай оор сыноо түшүп турганда эл аралык иштерди колго алуу зарыл. Ошондой эле кээ бирөөлөргө ишенип, дос кылганды токтотуш керек. Мына тажик-кыргыз чек арасында тутунган согуштан кимдин кандай экени, ким чыныгы дос экени анык көрүндү. Мындан аркы мамилени мына ушул саясатка ылайыктап жасаш керек.

- Эмнегедир айрым аналитиктер Путин Кыргызстанга сыртын салып калгандай сүрөттөп жатышат. Эмнебизден жаздык?

- Менин жеке пикиримде, Путинге революциялык жол менен келген бийлик жакпай жатат окшойт. Аны мурунку президент Аскар Акаев түз эле айтты го. “Кыргызстанда өнөкөт революция, уурулук, элди эзип жеген саясат ушуга алып келди”- деп. Чынында революцияга Акаев өзү жол ачты эле го. Сыягы, Путин экөө Кыргызстан туура, түз жолго түшкөнүн жактырбай жатышат окшойт. Анын үстүнө Ташиев анын шакиртин камап, ичкенин, жегенин кустуртуп жатпайбы. Ошон үчүн аларга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эч качан жакпайт. Анткени, Жапаров менен Ташиевдин ишин эл көрүп турат. Жаңы бийлик эл менен тыгыз жана ачык айкын иштеп жатат. Алардан жамандык издегендерге булардын аракети жакпай жатат.

- Рамазан мырза, айлардын падышасы болгон орозо айында тажик тарап кол салып, эмнеге жаман жорукту баштады?

- Менимче тажик тарап көп жылдан бери даярданып жүрүшкөн. Ошон үчүн окоптордон бери казышты. Кыргыз тарапты болушунча жабыркатуу үчүн тик учак, оор техникалардан бери колдонушту.

- Эми абалды жөнгө салуу үчүн кыргыз бийлиги гана аракет кылыш керекпи же тажик тарап да милдеттендирилиш керекпи?

- Садыр Жапаров туура айтты, “маселени бир тууган эл, сүйлөшүп чечебиз, бирок керектүү иштер ал тарапта да жүрүшү керек” деп. Чынында буга окшогон маселелерди алдын алган иштер, көп жылдан бери жүргөн эмес. Ошондуктан, даярдык жок болгон.

- Берген сөзгө, убадага турбаса, тажик тарап эмне үчүн расмий келишимге кол койду?

- Тажик тараптын негизги максаты - сууну башкаруу. Ал ойлорун Тышкы иштер министри менен жолукканда дагы ачык айтыптыр го. Мүмкүн келишим алар үчүн алаксытуучу монёврдур. Бирок, ошондой болсо да, алардын ар бир аракетине даяр турушубуз керек. Расмий иш дипломатиялык каналдар аркылуу жүрүп, ар бир кызмат өзүнө тиешелүү ишти аткарып, сүйлөшүү жүрүп жатат деп бейкапар болбошу керек. Негизи Тышкы иштер министрлиги капкачан эле бул сыяктуу иштерди ОДКБ жана ШКУда көтөрүшү керек болчу. Ошондой иштер болбогону үчүн маселе жетер чегине жетип, ушундай абал жаралды.

 

Аэлита САТЫНДИЕВА, Булак: “Майдан. kg” гезити