Ушул жылдын 5-майынан Кыргызстан президенттик формадагы башкарууга өттү. Президент Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамга ушул күнү кол коюп, мамлекеттеги маанилүү маселелер боюнча элге кайрылуу жасады. Анын айтуусу боюнча, өлкөдөгү эң чоң көйгөйлөр:
1. Экономиканын начардыгы;
2. Мамлекеттик башкаруу системасынын стагнацияга учурагандыгы;
3. Элдин салттуу маданий жана руханий баалуулуктарынын деградацияга учурагандыгы;
4. Элде биримдиктин жана ынтымактын жоктугу;
5. Кыргызстандын көп жагынан сырткы күчтөргө жана ар кандай борборлорго көз карандылыгы болуп саналат.
Элди бириктирип, мамлекеттик машинаны ойдогудай иштетип, экономикалык жана социалдык кризистик көрүнүштөрдөн чыкканга жаңы Баш мыйзам өбөлгө боло алабы?
Биздеги саясый, экономикалык жана социалдык кемчиликтердин, адеп-ахлактык жана моралдык деградациялык көрүнүштөрдүн бардыгы элементардык тартиптин, талаптын жоктугунан болуп келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Биринчи качкын президент “демократия” деп отуруп, коомду анархияга, эч ким эч нерсеге жооп бербеген, ким колуна эмне тийсе, ошону уурдап, тоногон жоопкерсиздикке, элди тоталдык жакырчылыкка жана моралдык жана адеп-ахлактык деградацияга, куру сөздөрдөн башка эч нерсе бербеген “демократиялык маразмга” тушуктуруп коюп качып кеткенден бери саясый, экономикалык туруктуулукка, цивилдүү өнүгүү жолуна түшө албай, перманенттүү башаламандыктарда жашап келатабыз. Бир кезде биринчи качкын президентти колдогондор “авторитаризм, тоталитаризм” деп сын таккан кошуна өлкөлөр экономикалык жактан дүркүрөп өнүгүп, ички дүң жыйымдарын, бюджеттерин мурдагы Союз таркаган жылга салыштырганда 6-7, айрымдары 9-10 эседен ашык көбөйтүштү. Ал эми биздин быйылкы бюджет Кыргыз ССРинин 1985-жылдагы бюджетине, ички дүң жыйымыбыз 1990-жылдагынын үчтөн бирине эле барабар.
Мурдагы ажолор башкаруунун ар кандай формаларын сынап, колдонуп, бирок бири да өлкөнү ишенимдүү экономикалык өнүгүү жолуна түшүрө албагандан кийин азыркы бийликтин президенттик башкаруу формасын тандаса, аны элдин кош колдоп колдогону мына ошондой аргасыздыктан келип чыккан чаралар. Иш жүзүндө азыркы Баш мыйзамды президенттик эмес, супер президенттик башкарууга жол ачкан баш мыйзам десе болот. Анткени, өкмөттү президент өзү башкарат, парламенттин чарбалык, кадрдык иштерге түздөн түз аралашканга укугу жок. Ал бул маселелер боюнча макулдук бериши же четке кагышы гана мүмкүн. Мамлекет башчысы ички жана тышкы саясатты өзү аныктайт, бардык маанилүү чечимдерди өзү кабыл алат. Көз карандысыздыктан бери Кыргызстанда мындай чоң бийликке ээ болгон мамлекет башчысы болгон эмес.
Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президентке караштуу Мамлекеттик катчы институту киргизилди. Ал С.Жапаровдун айтуусу боюнча, идеологиялык жана маданий руханий иштер, билим берүү жана илим чөйрөсү менен алектенет. Бирок, Мамлекеттик катчынын өзүнүн чакан аппараты болбосо кантип иштейт? Бизди мында кооптондурганы - эң жакшы максаттар менен түзүлгөн институт сыйлыктарды тапшырып, ар кандай жыйындарда мамлекет башчысынын куттуктоолорун окуп, тапшырып турчу эле кызмат адамы болуп калабы деген ой. Эгерде аппараты, жеткиликтүү ыйгарымдары болбосо, ал орустар айткандай, “свадебный генерал” гана болуп калышы ыктымал. Анан ал кызматка барган адам өзү тейлеген чөйрөлөрдү мыкты билген, тажрыйбалуу адис болуусу зарыл. Эгерде мындай талаптар сакталбаса, ал кызмат орунунун насил-наркы, коомго эч кандай таасири деле болбойт.
Жаңы Баш мыйзамды ишке ашыруу эмнеден башталышы керек? Мыйзам чыгаруу жаатын айтпай эле коёлу, ал депутаттардын иши. Аткаруу бийлиги чөйрөсүнө келе турган болсок, бардык жерде иш, аткаруучулук тартиптери бекемделүүсү, кадрларды тандап жайгаштыруудагы башаламандыктар токтотулуусу зарыл. Алсак, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.Бейшеналиев деген неме мамлекеттик чоң чиновниктин макамына, даражасына коошпогон сөздөрдү айтып, оозуна келгенди оттоп жүрөт, бирок аны тартипке чакырган эч ким болбой жатат. Парламенттин депутаттары 81 добуш менен аны кызматтан кетирүү жөнүндө сунуш беришти эле, аларды эч ким тыңшаган да жок. Эгерде парламенттин бир оргу-баргы министрче күчү, таасири, салмагы болбосо, анда ал институт тез эле өз кадырын жоготуп, канцелярдык органга айланып калат. Ошондуктан тийиштүү убактарда парламенттин позициясы менен да эсептеше жүргөн оң.
Чындыгында маселе мыйзамдарда деле эмес, Баш мыйзамсыз деле айрым өлкөлөр эң сонун жашап жатышат, маселе - адамдык фактордо, анын сапатында. Тилекке каршы, адамдык материалыбыз кубандырарлык эмес, кандай жакшы идея, кандай мыкты мыйзам болбосун биз тез эле анын ашмалтайын чыгарып, карикатурасына айландырып жиберебиз. Бул Баш мыйзамды антпесек, бул жок дегенде чейрек кылым иштеп, Кыргызстанды ажо айткандай, өнүгүп өсүүгө, байгерчиликке жеткирсе экен.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити