Бүгүн интернет айдыңында 1-2-майда Баткен облусунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсү жарыяланды.

Тараптар №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөрдө долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууну макулдашкан.

Топографиялык жумушчу топторго 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин жогоруда көрсөтүлгөн участоктордо долбоордун чек ара сызыгын тактап, аны жазуу тапшырылган. Документте ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана мыйзамдуу жол-жоболоштуруу процесси аяктаганга чейин, Ворух анклавына Тажикстандын транспорт каражаттары, жарандары жана товарлардын ээн-эркин өтүшү боюнча макулдашуу камтылган.  Дал ушул жагдайдан улам, соцтармактарда “Ташиев Ворухка коридор берип коюптур”, “тажиктер согуш ачып, көздөгөнүн алды”- деген сыяктуу пикирлер көбөйдү.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Саясат.kg” маалымат агенттигине билдирүүдө айтылган жагдайларды чечмелеп берди:

- Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын,- деди К.Ташиев. – Ага ылайык, 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924-ж., 1927-ж. жана 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар №43 чек ара чекитинен №49га чейин жана №135тен №141ге чейинки чек ара чекиттерин тактоодо гана колдонулат, Ворух анклавынын буга эч кандай тийешеси жок. Бул биринчиси.

Экинчиден, Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Б.а. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет.

Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан, сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай турсак. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок, биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, биз, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз!