"✍️ Барганда эмне...силерге устукан ала келет беле?!
✍️ Бул кадимки эле катардагы Жеңиш Күнүн белгилөө!
✍️ Юбилейлик Парадга барып деле катыша албай кайра келбедик беле?!
❗ Биринчиден, өрттөлгөн үйлөрдүн күлү муздай элек.
❗ Экинчиден, шейит кеткендердин күйүтү сууй элек.
❗ Путин акылдуу саясатчы. Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары жолугуп сүйлөшө электе, ортодо олчойгон ❓белгиси турганда, экөөнү кол чаптырып бир трибунага отургузуп коймок беле?!
❗ Эстүү жетекчи эки ортодогу маселе жөнгө салынгандан кийин гана бирге чакырат.
❗Сүйлөшсүн тиги басмачы Президент менен. Керек болсо өлүмүш болуп Саммит өтүп жатканда, Шойгу келип кеткенден кийин Кыргызстанга баскынчылык кылып, Россияны ыңгайсыз абалда калтырды.
❗ Ошондон улам, "Россия жүзүн буруп кетти" деп, көлдөлөңдө көөлбүп жаткан эксперттер жазып жатат.
❗ Куру намысты кое туруп, дүйнө жүзү биз менен эсептешсин десек, дал ушул күндөрдөгүдөй биримдикте бололу!
Жергебизде тынчтык, ынтымак болсун!" - деп жазды драматург Бурул Калчабаева.