Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 444

Тажик маалымат булактарына көз салалы. Баткен жана Лейлек райондорундагы тополоң жөн эле жер, суу талаш эмес. Бул чоң оюндун бир эле бөлүгү. 

Мисалы, 20-апрелден тартып тажик бийлиги орус расмийлери менен байма-бай жолугуп атышкан. Бир апта ичинде тажик мигранттарына орусияда жеңилдик берүү, авия билеттерди арзандатуу, авиа каттамдарды көбөйтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. 

Биз ишенген жамааттык коопсуздук уюмунун төрагасы Дүйшөмбүгө келип, тажик-ооган чекарасы менен таанышып кетти. Артынан, 27-апрелде Орусиянын коргоо министри Шайгу келип, Рахмон менен жолукту. 

Шайгу кетери менен Тажикстан Баткендин Көк-Таш айылында чуу чыгарды. Адатта эки элдин суу талашынан улам, бири-бирине карата таш атышуу менен эле чектелчү. Бул жолу тажиктер жөн эле жерден тынч жаткан Лейлекти каптап кирди. 

Учурда Курчоодо калган Лейлектин айрым айылдарын тажиктер эч нерседен тартынбай четинен сүрдүрүп аткан видеолор тарап жатат. Кыргыз айылдарын сүрдүрүүнү тажик генералы өзү уюштуруп атканын өздөрү мактанып атышат. 

Дагы бир нерсеге көңүл буралы. АКШ Ооганстандагы аскерлерин быйыл 11-сентябрда толук чыгарып кетерин жарыялаган. Демек, оогандан чыга турган наркотрафикти орустар тажиктер менен бирге көзөмөлдөөнү көздөп атабы? Деген суроо туулат. 

Кыскасы бул чоң оюн. Бул оюнга тажиктер оруска таянбай туруп баштоого батынмак эмес. 

Андан сырткары тажиктер даярданып атканы тууралуу маалыматтар Бишкекке 16-апрелден бери түшүп атканы айтылууда. Анда Бишкек эмне кылып отурган деген суроо да бар.

Негизи эле Баткенге облус деген статусту берип, биз 30 жылдан бери бул аймакта коррупцияны гана күчөткөнбүз. Мисалга, Баткен шаарында акыркы 30 жылда  бир да жаңы мектеп курулган эмес. Шаарды шаардай кылып курганга бир да аракет болгон эмес. Жергиликтүү эл Сохко барып даарыланганы эле эмнени билдирет? Чек араны бекемдемек тургай эң эле элементардуу милдеттер да аткарылган эмес.