-Тажиктер келишимди бузду, бардыгына алар күнөөлүү деп айтыш эрте. Менин пикирим боюнча, азыр тез аранын ичинде чыккан чатактын бардык жактарын, кесепеттерин иликтөө үчүн мамлекеттик же депутаттык комиссия түзүү керек . Окуянын тарыхы, жүрүшү, мааниси, таасири жана келечеги боюнча терең изилденүүсү керек. Бүгүнкү күндө болуп жаткан кагылышууга эмне түрткү болду деген маселелердин баарын тактагандан кийин кана ким күнөөлүү деген суроого жооп берсе болот. 30 жылдан бери түтөп келе жаткан маселе эмне үчүн жалындап күйүп кетти деген суроо баарыбыздын эле жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Күч түзүмдөрүнүн кыймыл-аракеттеринен мурун, мамлекеттик, өкмөттүк, депутаттык деңгээлде, дипломатиялык, саясый, уюштуруу, камсыздоо-каражат иш чаралары керек. Күч органдары аймактык бүтүндүк, коргонуу, коопсуздук маселелерин жөндөө боюнча, жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу аракеттерди көрүшү керек. Жасалып жаткан иштер канчалык деңгээлде комплекстүү, системалуу аткарылып жатат, мен толук маалыматым жок болгондуктан айта албайм. Болгон окуялар биздин акыркы жылдарда түзүлгөн башкаруу системасына, жетекчи кызматтагы адамдарга эл-коом тарабынан туура баа бергенге мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.