-Азыркы ОППОЗИЦИЯ бийликти алдастатуу менен бирге Тажикстандын бийлигинин чырагына май тамызып жатат. Тажикстан болсо, чек ара маселесин чечүүдөн качып, согуштук конфликтке барып жатат. Чынында чек арадагы конфликт Тажикстанга гана пайдалуу. Алар үйлөрдү акырындык менен сатып алуу жолу менен чек араны кертип келе жатышат.
Советтер союзунун урашы менен кийин жарыла турган миналар суверендүү республикаларынын чек араларында катылган. Бул нерсе атайын деле жасалган эмес, бирок иш жүзүнө келгенде ар кандай кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Азыркы чыңалган, эки элдин тирешкен абалын такталбаган чек арадан көрүп турабыз. Анткени, чек ара чыры бир гана социалдык экономикалык тармактарда гана эмес, эки тарапты согуштук конфликттерге чейин алып барган көйгөйгө айланды. Чынында бул нерсе эки тарапка тең керек эмес. Себеби, бул жагдай эки тарапка тең пайда алып келбейт. Кыргыз тажик чек арасындагы жаңжалда бир жигиттин көзүнө ок тийди. Тажикстандыктардын Кыргызстанга тиешелүү жердеги электр мамыларга видеокамераларды орноткону биздин жарандардын барымтага алынуусу бийликтин көз жаздымында калышы мүмкүн эмес дегенди айгинелейт. Ошондой эле бул нерсе Душанбенин бейформал санкциясы бар, ошон үчүн ишке ашып жатат дегенди түшүндүрөт. Мына ушундан улам Кыргызстан өзүнүн чек арасын коргой алабы деген суроо туулат. Албетте, чек араны коргой алат. Ал тургай аскерин да алып барууга күчү жетет. Аскердик машыгууларда көрсөткөндөй өтө катаал жооп да бере алат. Болгону Тажикстандын кырдаалды татаалдантуусу чек арадагы чечилчү маселени кечеңдетет. Бул нерсе бир гана Тажикстанга гана пайдалуу. Алар акырындык менен үйлөрдү сатып алуу саясаты менен жерлерди басып ала беребиз деп ойлошот. Бул чечилбеген көйгөйдү Кыргызстанда ураалап патриотизмдин позициясына алгандар да бар. Алар депутаттарды, чиновниктерди мамлекеттик чыккынчылыкка күнөөлөп, жерлерди берип койду дей башташты. Ал эми чек араны тактаган мамлекеттик комиссиядагыларга мекендештерине бир нерсени жеткирүү өтө кыйын болуп жатат. Коңшу мамлекеттер СССР маалындагы жана падышалык Россиянын учурундагы 10догон тарыхый карталарды көрсөтүп, Кыргызстандын территориясын ээлеп алууга аракет кылып жатышат. Чынында андай эмес.
Абалды турукташтыруу үчүн Баткендин областынын бир нече айылдарында Өзгөчө абал киргизилди. Жашоочуларды эвокуациялап, коопсуз жерге чыгарып жатышат. Саясат талдоочунун оюу боюнча чек ара маселеси эки тараптын тең ыкка, шартка көнүүсү менен чечилиши мүмкүн. Мындай маселелердин кечеңдеши кырдаалдын чыңалуусуна гана алып келет, дейт саясат талдоочу.