Коррупцияга каршы элдик көзөмөл уюмунун төрагасынын кеңешчиси Темирбек Кыштообаев өлкөдө мамлекеттик чек араны тактоо аракеттерине карата болуп жаткан кырдаал тууралуу пикирин билдирди.
-Бүгүнкү күндө болуп жаткан көрүнүштөр үчүнчү күчтөрдүн жасап жаткан ыпылас иштери деп билем. Болбосо, чыр чыгара турган, нааразычылык билдире турган олуттуу нерсе болбоду. Камчыбек Ташиев чек араны тактоо боюнча чечкиндүү кадам таштады, жер жерлерде эл чакырса дароо барып, акыбалды түшүндүрүп, иш ыргагын кеңири чечмелеп берип жатат. Эми бул киши "мальчик на побегушках" эмес да. Кечээ өлкөдө коррупцияга каршы иш аракеттерди жасаган 20 чакты коомдук уюмдар бар экен, ошолордун өкүлдөрү чогулуп, кырдаалды талкууладык. Камчыбек Ташиевге колдоо көрсөтөлү деп чечтик. Анткени, ал мамлекеттин кызыкчылыгын бийик коюп, элдин тынчтыгы үчүн аракеттенип жатат. Дароо эле кыйкырып чыга калыш болбойт да, иштегенге, ишинин жыйынтыгын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Конституцияны өзгөртүүнү 80 пайыз эл колдоп бербедиби. Бул деген чоң армия да. Демек, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун артында элден куралган чоң армия турат. Ошондуктан, алардын дарегине айтылган жөнсүз, акыйкатсыз сындар үчүнчү күчтөрдүн иш аракеттери.