-Чек араны чечүү чындыгында татаалдашып кетти. Камчыбек Кыдыршаевич бул маселени жакын арада чечебиз деп ойлогону менен жер берүүгө каршы чыккан тараптын да пикирин эске алууга аргасыз болот. Убакыт созулат. Негизи биз өзбектердин жерин тартып алган эмеспиз. Тескерисинче, алар биздин жерибизди алышкан. Мурун Маданият, Совет-Абад деген жерлер да бизге таандык болгон. Мурунку кызматкерлер чек араны чечип, кыргыздын жерин коргомок түгүл, даражалуу кызматтарда отурганына ыраазы болуп жүрүшкөн. Ошон үчүн Тажиктер да, Өзбектар да кыргыздын жерин ээлеп алышкан. Кытай Үзөнгү Куушту алса, Казактар Каркыраны алган. Ммурунку бийликтин жөндөмсүздүгүнөн, кайдыгерлигинен кыргыздар бир канча жеринен айрылган. Эми канча сындасак да, колдосок да, жаңы бийликке анын ичинен чек ара маселесин чечем деп киришип жаткан Камчыбек Кыдыршаевичке кыйынчылык жаралат. Анткени, чийеленишкен маселени чечүү оңойго турбайт. Мамлекет башчылары макул болсо, эли каршы чыгып, маселе чечүү кыйынчылык жаратат. Бирок, чек араны азыр чечип албасак, убакыттын өтүшү менен ал маселе мындан да татаалдашат. Ошон үчүн жогору жактагылар да, чек арага чектеш жашаган эл да акылга келип, орток пикир табышы керек.