-Чек ара маселеси 2 өлкөнүн ортосундагы орчундуу маселе. Мындайча айтканда, эки тарап тең өз кызыкчылыктарына ылайык чечип алууну самашат. Кандай болгон учурда дагы, эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү чыр чыкпаш үчүн жана достук мамиледе жашаш үчүн чек ара маселесине чекит коюлуусу зарыл.
“Кемпир Абад” чек арасы боюнча айтсак, СССР учурунда түзүлгөн ижара келишимин, союз таркаганына байланыштуу, эл аралык практикаларды колдонуп, жаңы милдеттерди киргизип, ижара мөөнөтүн жана чек араны тактап, жаңы алаканын негизинде келишим түзсө болмок.
Же Камчыбек Ташиев башында турган комиссия караган долбоорду ачыка алып чыгып, жаман-жакшысын теңдөө менен эл менен кеңешип, чечимге чекит коюу керек. Антпесе, кошуна өлкө менен ар кандай конфликттер улана бериши мүмкүн. Жогоруда айткандай, кошуна өлкөлөр менен ынтымакта, экономикалык карым катнаш оңолушу мамлекетке, элге да пайдалуу болоору шексиз.
Албетте, мындай мезгилде бийликке каршы күчтөр, оппоненттер, жарандардын, патриоттордун пикирлери да эске алынышы керек.
Тилекке каршы, кээ бири билип сүйлөсө кээ бири чын маалыматты билбегендиктен, саясат кылышып, кошул - ташыл сөздөрдү сүйлөгөнү өлкөбүзгө терс таасирин тийгизип жатат. Мисалга алсак, чек ара эле эмес, электр жарыгы боюнча тариф да, ушундай жагдайга кабылган.
Айтып кетчү нерсе, Кыргызстандагы саясатчылардын 100 % ы, чек ара, кен байлыктар, чоң долбоорлорду жана электр тариф боюнча, чын жагдайды чагылдырбай же анын анык чынын билбей эле жагдайга жараша сүйлөп жүрүшкөнүнө эл күбө болуп эле жүрөт.
Ошондуктан, кандай маселе болбосун, коркпой максималдуу түрдө ачыкка чыгаруу менен маселенин аныгын түшүндүрүү зарыл, чындык ачуу болоорун түшүнүшүбүз керек. Антпесек, мындай маселелердин пайдасынан зыяны көбүрөөк болуп калышы ыктымал.