- Мамат агай, жаңы бийлик чек ара маселесин чечүүгө далалат жасаганы менен алардын аракети эмнегедир чек ара менен чектеш жайгашкан айылдардын сынына кабылып, “Кемпир-Абадды бербейбиз” дегендер чыга баштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Негизи элдин койгон маселеси, талабы туура. Камчыбек Ташиев маселени жер берип чечерден мурун ошол жерге чектеш жашаган айылдардын эли менен акылдашып, макулдашып алып, анан сүйлөшүүгө барышы керек эле. Анткени, жер үчүн согуштар болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Негизи чек ара маселесинде тоңгон муз эрип, маселе чечүү аракети башталганы жакшы. Болгону эл менен да, өзбектер менен да консенсуска келгенге көбүрөөк убакыт сарпталат. Анткени, бул маселе тез эле чечиле калбайт.
- Эмнеге Камчыбек Ташиевдин аракетин оппозициядагылар башкача кабыл алып, популизмдик менен иш кылып жаткандай көрсөтүүгө аракет кылып жатышат?
- Оппозициянын оюу, максаты, милдети - бийликтин кемчилигин, катачылыгын издеш жана табыш. Ошон үчүн Камчыбек Ташиевдин айрым аракеттерин сындап жатышат. Ошентсе да, Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугуп, элдин ачуу, катуу сөздөрүн укканы - анын эрдиги. Ташиев бул жагынан туура кылды. Нааразы болгон тарапка жолугуп, алардын да пикирин угуп, өзүнүн да аргументтерин айтты. Маселени чечүүнүн жолун издеп, түйшөлүп жатат. Бул колдоого аларлык жагы.
- Эми анын чек ара маселесин чечем деген аракетинен майнап чыгабы?
- Чек араны чечем деп катуу киришкени туура. Бирок, бул маселе өтө оор проблемалардын бири. Бул маселе көп убакытты, чеберчиликти, күчтү, ойду, акылды, куулукту, каржыны талап кылат.
- Бизде чек араны чече турган ушул мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Бар. Бирок, маселенин жолун издеш керек, издениш керек, табыш керек! Бул маселе бир эле Ташиевдин же жаңы бийликтин эле иши эмес. Жалпы элдин, бийликтин жана кыргыз элинин милдети!
- “2010-жылкы Ош окуясы иликтенсин”- дегенден бери жаңы бийликтин душманы көбөйдү. Ошон үчүн Ташиевдин чек араны чечем деген аракети сынга кабылып жатат деген ойду айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Жаңы бийликтин “Ош окуясы иликтенсин” деген чечими абдан туура. Маселе, бийлик аягына чыгара алабы, ошондо. Анткени, бул ишти иликтөө башталганда каршылык көрсөткөндөр четтен чыгат. Жаңы бийликтин душмандары көбөйөт. Бирок, адилеттүү чечим чыгарса, кыргыз эли бийликти колдойт.
А.Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити