Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 443

Кыргызстандын 2021-жылдын 11- апрелине жарыяланган референдумга чыгарылган жаны Конституциянын долбооруна байланыштуу Венециялык Комиссиянын аракеттерине, КРнын Малайзиядагы элчиси  Азимбек Бекназаров Кыргызстандын жалпы элине кайрылуу жасады.

"Урматтуу кыргыз элим!

2010- жылкы кыргызчасы менен орусчасы, өзбекчеси бири-бирине дал келбеген, карама- каршы келген Конституциянын долбооруна Венеция комиссиясы оң корутунду эле бербей, материалдык да жардам бергенин билесиздер.Ошондогу алардын оюндагыдай жаздырылган Конституциянын айынан  2012- жылдан тарта парламенттик башкаруунун Кыргызстанда баркы кетти, саясый коррупцияга жол  ачылды, партия ээлери тизме түзүү, депутаттыкка талапкерлерди тандоо менен чексиз байыды. Парламентке оозуң кана десе көзүн көрсөткөн, куудулдарыбыз айтып жүргөндөй "120 кой" келди. Парламентке кайсы партия өтөөрүн эл эмес, президенттер, анын шопур, катчылары, жакын туугандары   чечкен заман орноду...

Ушундай  жыйынтыктан кийин Кыргызстандагы парламентаризмди ким «өлтүрдү» деген суроого бир эле президенттер, Атамбаев, Жээнбеков же алардын арыгын 2012- жылдан тарта чабышкан «сойку» депутаттар, партиялар эле эмес, азыр асмандан түшө калгансыган ушул Венециялык комиссияларга окшогон НПОнун да күнөөсү чоң деп айтаар элем. Мындай эл аралык комиссиялар бизге окшогон өз жолун табууну издеп жатышкан жаш өлкөлөрдүн мыйзам долбоорлоруна өз сунуштарын берип жардам бериши керек. Бирок референдум жарыяланып элге чыгаарылган долбоорго чейин. Эми ал долбоор өзгөртүлбөйт  же кабыл алынат же четке кагылат. Аны Кыргызстандын эли чечет.

Венециялык комиссиянын референдум учурунда тескери корутунду берип  түштөн кийин акыл айтып, айрым батышчыл саясый- коомдук уюмдар, саясатчылар, активистер аркылуу каршы  болуп жатканы биздин эгемендүүлүккө шек келтирүүгө тете иш. Референдумга чыгарылган Конституциянын долбоорунун үстүнөн Конституциялык Кенешме үч айдан ашык иштеди, сунуштарыңарды бергиле деди. Эгерде биздин Башмыйзамыбыз эл аралык стандартка ылайык жазылышын кааласа, эмне  үчүн анда бул уюм өз сунуштарын ошондо беришпеди? Менимче,  аларга Кыргызстанда айрыкча башкаруунун түрүн, шайлоо системасын жана башка адам укуктары менен эркиндиктерин  мурдагыдай алардан сурабай жазып, өзүбүздүн түпкүлүктүү элдин кызыкчылыктары, каада-салты,  маданияты, элдик курултай сыяктуу улуттук демократия институттары башка улуттук дөөлөттөрү камтылган Башмыйзам жазылышы жакпайт. Мен ал комиссиянын көптөгөн мүчөлөрү менен убагында жолуккам, сүйлөшкөм. Аларда деле  биздин депутаттарга окшогон мыйзамды түшүнбөгөн «кой-эчкилери» көп, ар кайсы өлкөдөн келишкен. Эч качан алар Кыргызстанга, анын элине кызыкпайт, алардын максаты кыргыздар да, алар каалагандай «көкмөк» түскө айланышса дейт.

Урматтуу кыргызстандык мекендештерим, Венециялык комиссиянын бир эмес, жүз корутундусу болсо да, ал сенин кызыкчылыгыңа дал келбейт. Эгемендүү, эркин эл экенинди далилдеп, батыштын бир чоң  НПОсунун кагазын жайылтып жаткандарды укпай, ага алаксыбай, өзүң тандаган башкаруу камтылган Конституцияңа 2021- жылдын 11- апрелиндеги референдумга келип добуш бер! Атуулдук милдетиңди аткар!" - деди Азимбек Бекназаров.

Урматым менен  Азимбек Бекназаров.