Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 127

КРнын Президенти С.Н.Жапаровго;
КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Т.Мамытовго;
КРнын Премьер министри У.А.Мариповго жана Кыргызстандын элине  
 
                                           

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу журт башчылары!  Кадырлуу калайык калк!  Бүгүн 14-март күнү Бишкек шаарында уюштурулган  “Нарктуулукту сактайлы”- аталышындагы  элдик жүрүштүн катышуучулары сиздерге зор үмүт жана ишеним менен кайрылат.

Кыргыз эли кылымдар бою кынтыксыз сактап келген өзүнүн нарктуу жолун улантуучу учур келди. Эгемендик жылдары сырттан таңууланган ичтен ириткич, бузуку саясатка макул эместигин ачык  билдирүүгө мезгил жетти. 

Оозуна келгенди оттогон “ ачык либералдык демократиялык коом”; элдин укугунан жогору чыгып алган “адам укугу”;  үй -бүлөдө алмашкыс  орду бар ата-эне, аял-эркек маселесин атайлап чалкештирген  “гендердик саясат”; экономикалык бүлгүн салган “менчиктештирүү”, жаатташып бийлик талашкан “көп партиялуулук”, акыл үйрөтүп бөлүп жарган НПОчулук  ж.б.у.с  сыртынан укканда кооз, а иш жүзүндө талкалагыч саясатка жол жок!                                                                                                                              
                                   

ЭЛДИК ЖҮРҮШТҮН ТАЛАПТАРЫ:    

1. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын ырааттуу ишке ашырган идеологиялык Концепция иштелип чыксын.
2.Мамлекеттин өнүгүү багыты илимий негизге таянып, сырттан башкарууга жол бербей, башкаларды ээрчибей, улуттук иденттүүлүктүн талаптары сакталсын. 
3.Жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган берене күчөтүлсүн!
4. ЖКдан эки окуудан өткөн “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам тез арада кабыл алынсын!
5. Акыркы жылдары бейөкмөт уюмдар аркылуу Кыргызстанга келген 2 миллиард доллар каражат кандай максатка жумшалгандыгы ачыкталсын!
6. Бузукулуктарды жасап, ички иштерге кийлигишкен, сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар (НПОлор) жабылсын! “Бакай” банктагы маскарачылыкты уюштургандар жоопко тартылсын!
7. Сырттан карыз акча алганга эмес, ички мүмкүнчүлүктөргө басым жасалсын! 

Кыргыз жашоо эрежелери жана ураандар:

-Улутум кыргыз, урааным Манас!  
-Өз жолуңа түш кыргыз!  -Улуттук өзөк-өнүгүүгө өрнөк!
-Кылымдарды карыткан кыргыз наркын сактайлы!
-Укбайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба!   
-Кыз абийири, жигит намысы-өлүмдөн өйдө турат.
-Илим, билим, руханият-келечекке шам чырак!    
-Тазалануу-биригүү-өнүгүү!  
-Сырттан башкарууга жол жок! 
-Наркын жоготкон эл, баркын да жоготот!
-Наркыбыздан ажыраганыбыз-калкыбыздан ажыраганыбыз!
 -Биз ааламга кыргыз болуп келгенбиз, биз ааламга кыргыз бойдон керекбиз!
-Биз Батышты чанбайбыз, бирок да балээлүү жоруктарын албайбыз!
-Бейөкмөт уюмдардын бейадеп иштерине каршыбыз!
-Жеке адамдан элдин жолу улуу!
“Кайратын тоону бузса да, Кашыгын көлдү сузса да,
Оозундан чыккан сөзүнө,  Зоо куланып учса да, 
Эл менен сен бийиксин, Элден чыксаң кийиксин.”    Чектен чыгуу-элден чыгуу!
-Хан бийлигинен нарк күчтүү!  Нарк-салт-элдин кынтыксыз жолу!    
-Элди да, эрди да жол түздөйт!  
Урматтуу мекендештер! Улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калуу менен гана ааламдашуу апаатына туруштук бере алабыз. Тарых, тил, маданият, каада-салт, нарк-насилин унуткан элдин жолу тумандайт. Мындан ары мындай жашоого болбойт!  Өз жолубуздан адашып, туура эмес баратканыбызды ар бир кыргыз кан-жаны менен сезип, он жолу ойлонуп,  оң жагына оодарыла турган кез келди. Убагында Каганат, Империяларды курган кан Манастын эли экендигибизди тастыктап, сырттан башкарууга жол бербейли! Ич ара тирешти токтотуп, кепке келели! Ынтымак-биримдик менен өз тагдырыбызды өзүбүз чечели! Ак эмгек менен адилет,  таза коом куралы!  Кыргыз элинин жаңы доордогу жаңы көчүн татыктуу уланталы!

“Нарктуулукту сактайлы!” Элдик жүрүштун катышуучулары    
 Бишкек ш. 14.03.21