Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 116

"Урматтуу Жогорку Кенештин депутаттары! Сиздер менен төрт жыл чогуу эмгектендим. Жакшыбы, жаманбы - эл баа берет. Баарыңыздар менен сый- урмат мамилени сактаганга аракет кылдым.

Эртең (билдирүү кечээ, 9-мартта жазылган - ред.)  Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана референдум дайындоо мыйзамдары кезексиз түрдө каралат деген маалыматты уктум. Бул кадам мыйзамга дал келбейт, өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүүлөр үч окууда, алардын аралыгында 2 ай кем эмес убакытта каралат. Бул азыркы Конституциянын талабы. Дал ушул Конституцияга колун койуп депутаттар жана Садыр Жапаров ант беришкен, жогорку даражадагы кызматына кирип жатканда.

Бардык иштер өз ирети менен бүткөндө максатына жетет. Ал эми референдум дайындаганда мыйзам болуш керек. Жок нерсени, кабыл алынбаган мыйзамды кантип референдумга чыгарасыңар?

Мени тааныган депутаттарга кайрылмакчымын - мыйзам бузууга барбагыла, эртең да күн болот.

Кыргыздын улуу сөзү бар - "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат".

Ушуну унутпай жүрсөк...", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.