"Камчыбек Ташиевдин кыска убакыттын ичинде жасаган иштеринде сөзсүз түрдө душмандар пайда болот. Кечээ чыккан маалыматты фейк деп жатышат. Ал кайрылууну жазган адамдын аты-жөнү көрсөтүлбөгөндүктөн, фейк экени билинип турат. Илгери мындайларды тоголок кат деп коюшчу. Ага көңүл буруштун кереги жок. Камчыбек Кыдыршаевичтин учурда жасап жаткан иштеринде адилеттүүлүк өкүм сүрүшү кажет. Себеби, бир убактарда мен, Ташиев, Жапаров, Түлеев акыйкатсыздыкка кабылганбыз.. Мыйзамды каалагандай колдонуп, адилетсиз жазага тартууну башыбыздан өткөргөнбүз. Мындай нерсе башынан өткөн адам эч убакта акыйкатсыздыкка барбайт деп ишенимдүү айта алам. Ошондуктан, каралоонун артында сөзсүз түрдө ошол мыйзам алдында жооп берип жаткан тараптын көлөкөсү бар десем жаңылышпайм. Кыйын адамдын артынан ар дайым сөз ээрчийт, андайларга мен көңүл бурбайм", -деди экс-депутат Ахматбек Келдибеков "Саясат. kg" маалымат порталына.
Эске салсак, соцтармакта Камчыбек Ташиевдин үстүнөн президентке даттанган кайрылуу пайда болгон. Ал кайрылууда Ташиевге УКМКнын көпчүлүк кызматкерлери нааразы экени айтылган, бирок кайрылуу ээсинин аты-жөнү жазылган эмес.