"Фейк маалыматты таратуу туура эмес. Ал кайрылуу УКМКнын кызматкерлеринин эмес, сырттагы саясатчылардын жасаганы деп ойлоп атам. Арыз жазган кишилер аты-жөнүн ачык жазмак да. Камчыбек Ташиев коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча күрөшүп, көп кишилерди тартипке чакырып, камап жатат. Ошолордун оюндарыбы дейм да. УКМКнын бүгүнкү төрагасы туура жол менен кетип баратат деп эсептейм", - деди Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев "Саясат. kg" маалымат порталына.
Эске салсак, соцтармакта Камчыбек Ташиевдин үстүнөн президентке даттанган кайрылуу пайда болгон. Ал кайрылууда Ташиевге УКМКнын көпчүлүк кызматкерлери нааразы экени айтылган, бирок кайрылуу ээсинин аты-жөнү жазылган эмес.