Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 63

Депутат Айгерим Бейшембиева жаңы Конституциянын долбооруна автор болуудан баш тартты. Айтымында, ага долбоор боюнча коомчулуктан ар кандай суроо менен кайрылгандар көп болууда. 

"Менин Конституциянын долборуна эч кандай байланышым жок, аны иштеп чыгууга катышкан эмесмин", - деди ал. 

Аны менен катар депутат Эмил Токтошев да авторлуктан баш тартканы белгилүү болду. Каныбек Иманалиев мындан улам референдум өткөрүүгө демилге көтөрүүдөгү добуштар 80ге жетпей калганын билдирди. 

Белгилей кетсек, конституциялык мыйзам долбоорлорун кабыл алуу үчүн 80ден кем эмес депутаттардын добушу керек.