Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 185

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев депутаттарга Конституциянын жаңы редакциясынын үтүрүн да өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк беришпегенине нааразы болду. 

"Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумду белгилөө боюнча мыйзам долбоорунун авторлору көрсөтүлбөптүр. Эмнеге мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү болгон депутаттар үтүрүн да өзгөртө албайт да, Конституциялык кеңешме өзгөртө алат? Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу?" - деди Бекешев. 

Ошондой эле, ал бул кетиште Конституциянын жаңы варианты эл үчүн трагедияга айланаарын белгиледи. 

"Силер элге жамандык жасап жатасыңар. Сөз эркиндигине басым жасап жатасыңар. Бул алдамчылык. Башкы прокуратуранын монстр функциялары менен тааныштырыңыз. Президенттин персоналдык жоопкерчилиги кайда? Мамлекет башчысы оор кылмыш жасаса аны кантип отставкага кетире алабыз? Бул долбоор боюнча бийликти бир гана төңкөрүш жолу менен алмаштыра алабыз", - деди Бекешев.