Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 122

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун Жогорку Кеңеште талкуулоо жана кабыл алуу процедурасынын бузулушу элдин бийликке болгон ишениминин төмөндөшүнө алып келет. Бул тууралуу медиа полиси Институтунун эксперттери билдиришти. 

Алар белгилегендей, Конституциянын, а демек саясий системанын  легитимдүүлүгүнө   кеңири консенсус жана Баш мыйзамды кабыл алууда бардык процедуралардын сакталышы менен гана жетүүгө болот. 

Конституциянын жаңы редакциясы ошол эле Баш мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарды тыкыр сактоо менен кабыл алынуусу зарыл. Ошондой эле, процедурага жалпы коомчулуктун тартылуусун да шарттоо керек. 

"Долбоордун ЖК комитетинде карала баштаганы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке расмий киргизилгенин билдирет. Бардык сын жана сунуштар үчүн көз караштардын карама каршылыгынын протоколу даярдалууга тийиш, ал жерге кандай себеп менен сын, сунуштар кабыл алынды же кабыл алынбаганын жазылышы керек. Долбоордун демилгечилеринин мындай иши байкалган жок. Коомдук талкуу чынында болгон жок", - дейт эксперттер. 

Маалымдалгандай, "Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу" мыйзамынын 66-беренесинин 2-бөлүгүндө референдум белгилөө боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо мыйзам долбоорунун текстине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбей турганы жазылган. Демек, депутаттар Баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизе албайт. 

"Конституциялык кеңешме коомдук талкуу жүргүзгөн жок. Аны менен катар анын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев депутттар долбоордун жаңы редакциясын коомдук талкууга чыгарууга милдеттүү экенин айтты. Эл эмне үчүн добуш берип жатканын, референдум болгонго чейин өздөрүнүн өзгөртүүсүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк алаар-албашын түшүнүшү керек. Бүгүн парламент Конституциянын долбоорун коомдук талкуусуз карап, коомдук талкуу үчүн берилген мөөнөттү сактабай кабыл алып жатат. Бул элдин бийликке болгон ишенимин төмөндөтөт. Бүгүн Конституция биздин өлкөдө консенсуссуз кабыл алынып жатат", - дейт аталган Институт.