Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 128

Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов Грузияга бир жылдары Саакашвилинин жеке чакыруусу менен Жогорку Кеңештин 10 чакты депутаты жана журналисттер менен барганын эске салды. "Эмне үчүн Грузиядагыдай реформаны Кыргызстанда да жасоого болбойт?" - деген суроого мындай жооп берди: 

"Реформа болуш үчүн элдин жок дегенде 30 пайызы Батышты жана реформаны сүйүш керек. А бизде андайлар 1 пайызга да жетпейт. Кечээ эле башкы коррупционерлер менен кучакташып жүргөндөр бийликке келебиз деп акчаларын топтоп жатышат". 

Ал эми дагы бир экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Грузияда бар нерселер азырынча бизде жок. Грузияда Батышта чоң диаспора, демократияны кооздогон прогрессивдүү 30-40 пайыз коом, Батыштан билим алган лидер болгон", - деди.