Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 166

Жаңы келген бийлик "Коррупция менен айоосуз күрөшөбүз"- дегенде эле жазгам. "Коррупция - бул жети баштуу желмогуз. Аны менен күрөшөм деп далайлар кылычын да, тишин да сындырышкан. Коррупционерлер өтө акылдуу, куу, арам иш жасоодон, эки жүздүүлүктөн, акмакчылыктан кайра тартпаган, күнүмдүк курсагынын тойгону үчүн эмнени болсо да аткарууга даяр кулдарды жалдап сатып алып, аларды ажылдатып өзүн корготууну уюштурганды билген, айласы кетип баратса элди бөлүп -жарып жердешчилик, уруучулук сыяктуу Кыргыздын таалуу жерине тийген ыкмаларды да колдонуудан кайра тартпаган адамдар", -деп. Бүгүн ошол жазгандарымдын биринчи кадамдары башталды. Буга Оштогу болуп жаткан митингдер күбө. Бийликтин катачылыгы коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшүндөгү идеологиясын да жүргүзө билбегендиги. Эгер ушул кадамы менен ишти улантса көп узабай коррупционерлерге жеңилип беришет. Мага окшогон жалаң төш мекенчилдер деле дайыма кимдир бирөөлөргө жаман көрүнө берүүдөн тажайт да,  кол шилтеп,  коомдук пикирди буруш үчүн күрөшө бергенин токтотот.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу