Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 200

Москва. Жолуккан эле кыргыз мигранттар: «Кыргызстаныбыз кандай?» деп сурап калууда. Баары жакшы деп,  бармакты жогору кылам. Бирок андай эмес экенин алар менден жакшы билишет, интернет деген бар да. Алардын бул суроосун качан өлкөбүзгө  кайтсак болот деген таризде түшүнүп атам, качан экенин так билбейм, бирок бүгүн эмес. Анткени, бүгүн жумуш орундар дагы деле жок, Ала -Тоо азыр тескерисинче, жыл сайын силердин 2 млрд которуп турган акчаңарга муктаж.
Саясат эки мигрант жолуккан жерде эле катуу талкуу болуп турганын байкадым. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев деген эле сөздөр. "Эмнегедир боштук кылып жатышат, жумшак го. Инаугурациядан кийин кадр саясатын оңдойт деп күткөнбүз. Бул барышында көпкө узашпайт. АШАнын күчүктөрү буларды мындай назиктигин пайдаланып, тез эле арада шыпырып түшүшөт, деген шыбыр кептер. Жалпы багыт туура, бирок экономиканы түшүнүшпөйт окшойт, чечкиндүү саясий, экономикалык кадамдарды күттүк эле. Бул жүрүшүндө мигранттык тагдырыбыз жакында бүтпөйт экен", - деп үшкүрүнүшөт.

Кыргызстанда жүрсөң баары эле өз жолунда бараткандай, көр оокат деп алыста жүргөн мекендештердин сөзү өзгөчө жүрөктү  сайгылайт тура", - деп жазды КР Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев соцтармактагы баракчасына.