Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 137

Президент Садыр Жапаров Телеграм каналы аркылуу Акылбек Жапаровдун "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиясынын төрагалыгына дайындалуусу тууралуу билдирүү таратты. 

“Кумтөрдү"  Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кытай реформатору Дэн Сяопин: «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду», - деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", - деди президент.

Эске салсак, 17-февралда Жогорку Кеңеште "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Анын төрагалыгына Акылбек Жапаров шайланган жана 24-февралда комиссиянын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.