-Бектур байке, Сыймык Жапыкеев коррупция менен күрөшүүдө туура эле багыт алдыбы же күмөн санатууну жаратып жатабы?
-Сыймык Жапыкеевдин коррупция менен таза күрөшүп жатканына менин деле көзүм жетпейт. Анткени, ал бир гана кишиге асылып, ошонун тегерегинде гана сүйлөп жатат. Мисалы, приватизациянын арты менен көп дүйнөгө ээлик кылган Жумалиевден да бай адамдар бар. Эмнегедир алар тууралуу ооз ача элек. Жалпы приватизация боюнча да иш козгоп, адилетсиз болгону боюнча сөз айткан жок. Ошон үчүн Жапыкеевдин коррупция менен күрөшкөнү мага башынан эле шек санаткан.
- Мыйзамсыз баюунун негизги булагы адилетсиз орун алган менчиктештирүүбү?
-Ошондой десек дагы болот. Анткени, 1990-жылы менчиктештирүү болгондо эбегейсиз адилетсиздик орун алган. 10 миңдеген ишканалар тааныш-билиштерге жана кызматтагыларга өтө арзан баада, коррупциялык жол менен менчиктештирилип кеткен. Бирок мен мүмкүнчүлүгүмдүн бар экенине карабай адилетсиз менчиктештирүүгө катышкан эмесмин. Тагыраагы, мамлекеттен бир да кашык алган эмесмин. Себеби, үй-бүлөбүз менен адилетсиз менчиктештирүүгө катышпайбыз деп бир туугандар чечкенбиз.
-Жаңы иштеп баштаганына карабай өкмөттү да сындагандар чыга баштады. Өкмөттүн курамы элге жакпай калдыбы же маселе башкабы?
-Жаңы Өкмөттүн курамы да, түзүлүшү да купулума толгон жок. Жаңы өкмөткө эл иренжий турган, "ичип- жеди" деген адамдар мүчө болду. Ошол жагын эске алганда, жаңы Өкмөт жаңы адамдардан эмес, эски адамдардан куралды. Таң калыштуусу, жаңы Өкмөттүн курамында Акаев доорунан бери кылмыш иши козголуп, коррупция менен айыпталгандар жүрөт. Ошондуктан, бул өкмөткө менин эч кандай ичим чыккан жок. Бирок ушундай болоорун мен башында эле сезгем. Ошон үчүн революциядан кийин эле атка кыйшык минди деп сындагам.
-Жаңы бийликтин министрликтерди кыскартуу реформасы оң жыйынтыгын берчүдөйбү? Алар артык кылабыз деп тыртык кылып алышпайбы?
-Бул жерде кыскартабыз, бир канча министрликти башка министрликтерге бириктиребиз деп отуруп, бюрократияны эбегейсиз көбөйтүп салышты. Мурда бюрократия аз болсун, ведомство, агенттиктер премьер менен түз мамиле кылсын, өкмөткө сунушун түз айтсын деген максатта агенттиктерди, ведомстволорду министрликтен чыгарып, премьерге түз баш ийдиргенбиз. Азыр баарын татаалдаштырып салышты. Министрликти кыскарттык деп аты- жөнүн өзгөртүп койсо эле азайтканга, кыскартканга жатпайт. Качан аларга жумшалган каражат жана штаттык бирдик азайганда гана азайттык, кыскарттык дешсе болот.
-Сегизбаевдин маалымат таратуу жагынан кол кабыш кылган адамдары суракка алынып, үйлөрү тинтилгени айтылууда. Алар Сегизбаев менен иштешкени үчүн кысымга алынып жаткан жокпу?
-Коомчулукта Сегизбаевдин маалымат таркаткан кызматкерлери жалган маалымат таратып, регион аралык кастыкты жаратканы үчүн үйү тинтүүгө алынды деген сөздөр айтылууда. Эгерде алардын диний, аймактар аралык козутуу аракеттерди жасаганы даана, так аныкталса, бул жерде маселе жаралбашы керек. Эгерде алар Сегизбаев менен иштешкендери үчүн атайын жалган жалаа жабылып, коркутуп-үркүтүүгө туш болсо, анда башка кеп.
Булак: «Майдан. kg» гезити