-Бейшенбек мырза, Кубанычбек Жумалиевге козголгон кылмыш иши, аны камакка алуу мыйзамдуу эле болдубу же калпыстыктарга жол берилип кеттиби?
- Күч органдары текшерип, изилдеп, фактылар болгон үчүн иш козгоп, анан камакка алышса керек. Антпесе бизде укук коргоочулар ошол замат эле кыйкырып чыгаарын күч органдары да, бийлик да жакшы билет.
-Неге УКМК менен Финполиция Жумалиевге күрөштү күчөттү?
- Жумалиев тууралуу Акаев кеткенден бери эле сөз болуп жүрөт. Бирок ал келген бийлик менен эле тил табышып, эч нерсе болбогондой эле жүрчү. Ал иштешкен Акаев качып Кыргызстанга келе алгыс болуп калды. Бул жыргап депутат болуп алды. Сыягы, мыйзамсыз алган, ашыкча жыйган мүлктөрү үчүн жооп бере турган күн келди окшойт. Ошон үчүн ага тиешелүү мүлктөрдүн баары эсепке алынып, өзү камалды. Аны жактап же кааралагандан алысмын. Негизи мыйзам баарына бирдей иштеши керек эле.
-Эмнеге анын жактоочулары айткандай Кубанычбек Жумаливдин илимпоздугу, жаш курагы, ден соолугу эске алынган жок?
-Бюджетке келтирген зыяндарын кайтарса, мүмкүн жаш курагын, оорусун эске алып, ырайым берээр. Бийликтин негизги максаты камоо эмес, бюджетке келтирген чыгымын төлөтүү. Мамлекетке келтирген зыянды калыбына келтирүү. Негизи бийлик туура эле кылып жатат. Элдин эсебинен 30 жылдан бери байып, эсепсиз мүлккө ээ болгон олигархтардын жеп-ичкенин төлөтүп, бюджеттеги жетишпестикти, жакырчылыкты, жумушсуздукту, миграцияны чечиши керек.
-Бирок бийлик жеп –ичкендерди кустуруп, мамлекетке келтирген зыяндарын төлөтүүгө киришкени менен эл арасында коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатат деп нааразы болгондор чыгып жатат го?
-Алгачкы 3 айда коррупция менен күрөш жакшы жүрдү деп айтсак болот. 3 айда 3 млрд. сом бюджетке түшүргөнүн Камчыбек Ташиев айтты. Чынында Марипов 5 жыл Эсеп палатасында иштеп, мынча каражатты түшүргөн эмес. Эми коррупция менен күрөштү токтотпой, коррупционерлерди кустуруп бюджеттин тартыштыгын чечиши керек. Бирок коррупция менен күрөш тандалма жүрбөй, баарына мыйзам бирдей иштеши керек. Бирөөнү камап, бирөөнү бош койгон болбойт. Баарына бирдей мамиле кылынса гана элдин ишеними, колдоосу болот. Эгер бирин аяп, экинчисин камай беришсе, элде бийликке болгон ишеним кетип калат. Жаңы бийлик ошол элдин ишенимин жоготпошу керек.
Айкөкүл Мырзабекова, Булак: «Майдан. kg» гезити