«Ата Мекен» партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов бул партиядан чыгып жатканын жарыялады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди:
«»Ата Мекен» партиясынын катарынан чыгып кетип жатам бүгүн. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем».
Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.
Булак: Элгезит