Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 90

Грузиянын мурдагы реформатор президенти Михаил Саакашвили Кыргызстандын кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ жардам берүүгѳ даяр. Бул тууралуу КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылган “Жѳнѳкѳй чечимдердин жана натыйжалардын кеңсеси” уюмунун ѳкүлү Жапар Усенов билдирди.

“Учурда Кыргызстандын жаңы жетекчилеринин алдында олуттуу кѳйгѳйлѳр турат. Атап айтканда, бюджетти толтуруу, инвестиция тартуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү ж.б. Бул кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ “Жѳнѳкѳй чечимдердин жана натыйжалардын кеңсеси” уюмунун башчысы Михаил Саакашвили жардам берүүгѳ даяр. Ал реформаларды жасоого, жол табууга концепцияларды сунуш кылууга, ошондой эле башка кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн жѳнѳкѳй жолдорун табууга даяр”,- деди Ж.Усенов.

Грузиянын мурдагы президенти буга чейин да Кыргызстандын экономикасын ѳнүктүрүп, элдин турмушун жакшыртуу үчүн акылы, кеңеши менен бѳлүшүүгѳ даяр экенин билдирген. Муну менен экинчи ирет билдирүүдѳ. Кыргызстандын жаңы жетекчилиги реформатор саясатчынын, экс-президенттин кеп-кеңешин угууга даярбы, жокпу аны айта албайбыз. Бирок ѳз ѳлкѳсүндѳ чоң реформаларды ишке ашырууга жетишкен адамдын тажрыйбасын, акылын пайдаланса, албетте, ашыкча болмок эмес.

Булак: “Майдан. kg” гезити