- Сейдалы агай, Акылбек Жапаровдун Кытайдын карызы боюнча каккан коңгуроосу канчалык деңгээлде чындыкка жакын? Аны бүгүн: “Жетим-Тоону соодалоо үчүн элди коркутуп, Кытайдын карызын эске салуунун аракетин жасап жатат”- деген пикирлер арбын болуп жатат го?
- Акылбек Жапаров чындыкты айтты. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Бирок, ал кредиттин кандай шартта алынганы, убагында төлөй албай калсак эмне болоору, кечиктирсек эмне күтөөрү тууралуу мурда эле айтылып жүрчү. Соцтармактагылар: “эмнеге мурда айткан эмессиң?”- деп аны бир жагынан туура эле сынга алып жатышат. Болгону, Кыргызстанда айтылган маселени эмес, аны айткан адамды талкуулап кеткен жайыбыз бар. Тагыраагы, айтылган маселенин өзөгүнө, мазмунуна карабай, кээде такыр эле башка аспекттерине өтүп кетебиз. Акылбек Жапаров көтөргөн маселе да ошондой болуп жатат. Негизи, Кытай өлкөсү кредитти ушундай катаал шартта - тагыраагы, кредит объектилерин күрөөгө алуу менен берет экен. Бирок ал кредиттер деле Кытай компанияларына кетти. Бир аз гана субподряддык иштери биздин компанияларга тийди. Бул жерге Жетим-Тоонун эч кандай тиешеси да, байланышы да жок.
- Эмнеге кредитти алып жатканда шарттарына карабай, акча бергенине сүйүнүп ала бердик?
- Анткени, акыркы мезгилде Кыргызстанга эч ким кредит бербей калган. Анан өлкө жетекчилери, ким берсе ошондон ала беришип, “калганын көрө жатабыз” деп кредитти алууда дагы кыргызчылык кылышкан. Эгер 2018-жылкы январдагы катуу суук болбосо, ЖЭБ жарылбаса, көп иштер билинбей калмак. Ал мезгилде пандемия да жок болчу.
Чындыкка келе турган болсок, бул кредиттерди ашыкча трагедия кылып да, ашыкча маани бербей койгонго да болбойт. Ошол эле мезгилде аны төлөбөй койгонго да болбойт. Белгиленген графиктен кечиктирбей төлөп беришибиз керек. Бул жагдайдын бир жагы жакшы болду. Эми бийлик экинчи Кытайдан карыз албаш керек экенин түшүндү. Кытайлар кредитти эч качан кечип жиберишпесине көздөрү жетти. Себеби, ошол кездеги бийликтегилер “кредитти кечип жиберет”- деген ойдо алышып, ойду-солду пайдаланышкан.
- Эми ал кредитти алгандар, келишимди күчүнө киргизгендер жооп бериши керекпи же ал маселе элдин жонунан кайыш тилүү менен чечилиши керекпи?
- Кредиттер өкмөт тарабынан алынган, Жогорку Кеңеш ратификациялап берген. Жоопкерчиликти албетте, бир аз гана адам тартат. Ал эми келишимди ратификациялаган Жогорку Кеңеш эч качан жооп бербейт. “Өкмөт алып келген келишимди процедура, регламент боюнча өткөрүп бердик”- деп гана коюшат. Ошол кездеги бийлик башчыларын мамлекетти карызга батырып, кредитти алып, максатсыз пайдаланганы үчүн жоопко тартканыбыз, жоопкерчиликти сездиргенибиз жакшы. Бирок ал кредитти төлөөнү токтото албайт да. Бир нече адамды камаганыбыз менен баары бир ал кредитти мамлекет, эл төлөйт. Чынында Кытайга кимдин камалганы, кредитти кимдин төлөгөнү бир тыйын. Алар берген кредитин мезгили келгенде мамлекеттен гана сурайт.
Чындыгын айтканда, кеп кредитти кандай шартта алганда эмес, аны кантип пайдаланганыбызда болуп жатат. Акча келгенде объектилер, долбоордогу иштер толугу менен аткарылса, балким азыркыдай маселе жаралмак эместир. Анткени, акча келгенде коррупциялык схемалар иштеп, ал кредит максатсыз пайдаланып кетти. Ошон үчүн эл арасында нааразычылык күч болуп жатат.
- Соцтармак колдонуучуларынын кредит алгандарды жазалоо сунушу эске алынабы?
- Соцтармактагылар: “күнөөсү барлар камалсын, алган каражатын кайтарсын. Элди азапка салбай Кытайдын карызынан кутултсун, төлөшсүн, болбосо атып салыш керек же Кытайга ошол адамдарды кредиттин ордуна бериш керек" деген сыяктуу жазгандары туура көрүнгөнү менен, турмуш жүзүндө жөн эле эмоция болуп калат. Жогоруда айткандай, Кытайга кредитти ким төлөйт, максатысыз колдонулганы үчүн ким камалаары бир тыйын. Карызды гана беришибизди талап кылат. Учурунда кайтарбасак кесепеттери кандай болоорун билебиз. Күнөөлүүлөрдү жазалоо Кыргызстандын ички иши болуп калат.
- Чынында карыздан кутулууга мүмкүнчүлүгүбүз барбы?
- Кыргызстандын карыздарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Болгону, аны унутпаш керек. башка өлкөлөрдөн, Батыштан арзан кредит, колдон келсе гранттарды алуу керек. Аларды жакшы мезгилдер келгенде төлөп койсок болот. Катаны баары бир оңдош керек.
Айкөкүл Мырзабекова, Булак: "Майдан. kg" гезити